“Ынтымак ордо” 27-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы дайындалган элчиси Эдил Байсаловду кабыл алганын кабарлады.
Эдил Байсалов мамлекет башчыга өткөн аптада өткөрүлгөн кыргыз-америкалык саясий консультациялардын жыйынтыктары, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Садыр Жапаров эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маанилүү экенин айтып, АКШ менен өнөктөштүктү бекемдөө боюнча ишти активдештирүү тапшырмасын берди.
Жапаров Эдил Байсаловго президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлүнүн кошумча функцияларын жүктөп, ага Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жогорку дипломатиялык рангын ыйгарды.
Эдил Байсалов апрель айынында башында Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Ал 2021-жылдан бери вице-премьерлик кызматты ээлеп келаткан.
15-апрелде Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Адылбек Касымалиев менен жолугушуп, Америка-Кыргызстан кызматташтыгы талкууланган.
АКШ Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган мамлекет. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. 2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.
Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана билдирип келет. (BTo)
Шерине