Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:28

Президент Жапаров Шаирбек Ташиев күнөөсүн мойнуна алганын айтты

Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин экс-депутаты, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев коюлган айыпты мойнуна алганын билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчы Kaktus.media порталына берген интервьюсунда айтып, ким мыйзамды бузса жоопкерчиликтен кутулбай турганын кошумчалады.

“Тергөө “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемага Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экенин аныктады. Мунун айынан мамлекетке 4 млрд 115 млн сом зыян келтирилген. Бул сумма толугу менен бюджетке кайтарылганда гана аны бошотуу тууралуу сөз болушу мүмкүн. Маалымат боюнча, буга чейин кармалгандардын баары ага (ред: Шаирбек Ташиев) каршы көрсөтмө берип, ал күнөөсүн мойнуна алды. Мыйзам баары үчүн бирдей болушу керек. Буга чейин УКМК жана ИИМ кармагандардын баары келтирилген зыянды кайтарып - зарыл болсо, ашыкча төлөшчү. Андан кийин алар бошотулган. Шаирбек Ташиев да ушундай кылышы керек: алгач баарын төлөп, андан кийин гана бошотулушу зарыл”, - деди президент.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Шаирбек Ташиевди 1-апрелде кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына 16-майга чейин камакка алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылган.

ИИМ Шаирбек Ташиевди каматкан айрым жагдайларды ачыкка чыгарып, атайын видео жарыялаган. Анда “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалардан улам мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян тартканы, буга Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экени айтылат. Экс-депутат жана анын жактоочусу, жакындары буга байланыштуу комментарий бере элек.

Шаирбек Ташиев 16-февралда “Азаттыкка” берген маегинде эч кандай мыйзамсыз иштерге жана акыркы саясий окуяларга тиешеси жок экенин, укук коргоо органдарынын суроолору болсо жооп берүүгө даяр экенин айткан. Ал учурда ал Жогорку Кеңештин депутаты болчу. 14-мартта депутаттык мандатын тапшырган.

Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG