"Русь Сидящая" долбоору Орусия Федералдык жаза аткаруу кызматынын (ФСИН) Саратов облусундагы №1 кургак учук ооруканасында Курскидеги коргонуу заводунун жумушчусу Роман Сидоркин 8-январь күнү каза болгону 26-апрелде маалым болгонун жазды.
Сидоркинге жиберилген открыткага "8.01.2026. каза болду" деген жооп келген. Роман Сидоркин 52 жашта болгон.
"Медиазона" Курскидеги коргонуу заводунда иштеген Сидоркин менен анын мурдагы аялы Татьянаны 2022-жылы жазында кармашканын эскерди. Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) аларды Украинанын чалгын кызматына "аскердик техниканы түзүүдө колдонулган аскердик жабдуулардын жана (аскердик-космостук күчтөр) тарабынан колдонулган курал-жарактардын үлгүлөрүн жана техникалык документтерин берүүгө", ошондой эле чек арадагы темир жолду жардырууга даярдык көрүүгө айыптаган.
2023-жылы жайында Роман Сидоркин 17 жылга, Татьяна Сидоркина 13 жылга эркиндигинен ажыратылган. 2025-жылы жазында Роман Сидоркинге жаңы иш боюнча өкүм чыгарылып, камак мөөнөтү узартылган. Мурдагы кесиптеши Александр Воробьев экөөнү аскердик жабдууну "чет өлкөдө сатуу максатында" уурдоого айыпташкан. Мурдагы мөөнөтүн кошкондо Роман Сидоркин жалпы 23 жылга (баштапкы үч жылы түрмөдө, калганы - өзгөчө катаал режимдеги абакта) эркиндигинен ажыратылганын "Медиазона" жазды.
Роман Сидоркин саясий туткун деп таанылган эмес, бирок анын аты-жөнү "Мемориал"укук коргоо уюмунун саясий репрессия курмандыктарынын тизмесине киргизилген.
"ВКонтакте" социалдык тармагындагы комментарийи үчүн "Терроризмди актоо" беренеси менен эки жылга кесилген саясий туткун Олег Тырышкин абакта каза болгону жакында эле маалым болду.
8-апрелде Комсомольск-на-Амуредеги тергөө абагында 53 жаштагы сүрөтчү, интернеттеги комментарийи үчүн камалган Андрей Акузин жанын кыйган.
17-аперлде Воронеждеги №2 түзөтүү абагында саясий туткун, дааватчы жана блогер Веган Христолюб каза болгону кабарланган. Маркумдун тааныштарынын сөзүнө караганда, ал айып изоляторунда асынып алган, анын өлүмү боюнча шалаакылык менен кылмыш иши козголгон.
Шерине