Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

АКШ мамдепартаменти: Өзөктүк энергетика ишеничтүү колдо болушу керек

Чернобыл АЭСиндеги реактордук блокту жаап турган жаңы коргоочу саркофаг. (архив)
Чернобыл АЭСиндеги реактордук блокту жаап турган жаңы коргоочу саркофаг. (архив)

АКШнын мамлекеттик департаменти Чернобыл кырсыгынын 40 жылдыгына карата өзөктүк коопсуздуктун маанисин белгилеген жана трагедиянын курмандыктарын эскерген билдирүү таратты.

"40 жыл мурда Чернобыл апааты дүйнөнүн өзөктүк коопсуздук боюнча көз карашын биротоло өзгөрткөн. Биз Украина, Беларус, Орусия жана башка өлкөлөрдөгү бул трагедияга туш болгон жана анын кесепеттери менен бүгүнкү күнгө чейин күрөшүп келе жаткан бейкүнөө адамдардын укмуштуудай эрдигин эскеребиз жана урматтайбыз", - деди мамлекеттик департаменттин өкүлү Томас Пиготт.

Ал АКШ кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам бергенин, бул объектте жана жалпы дүйнөдө өзөктүк коопсуздукка артыкчылык берүүнү улантып жатканын белгиледи.

"Өзөктүк энергетика ачык-айкындуулукка берилген жоопкерчиликтүү колдордо калышы керек", - деп жазылган билдирүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Чернобыл кырсыгынын 40 жылдыгына карата билдирүүсүндө "Орусия өз согушу менен дүйнөнү кайрадан техногендик кырсыктарга кептеп жатканын" билдирди. Ал былтыр орусиялык дрон талкаланган реакторду жаап турган саркофагга тийгенин эске салды.

"Дүйнө бул өзөктүк терроризм уланышына жол бербеши керек, эң жакшы ыкма - Орусияны акылсыз чабуулдарын токототууга мажбурлоо", - деп жазды ал.

Украин премьер-министри Юлия Свириденко Орусия Запорожье атомдук электр станциясын басып алуу жана аны тынымсыз аткылоо менен "континенталдык масштабда коркунучтарды жаратып, өзөктүк коопсуздук принциптерин этибарга албай келерин" билдирди.

"Чернобыл 1086-жылда калган жок. Бул дүйнөлүк энергетикалык коопсуздукка тоталитардык режимдин чыныгы коркунучун туруктуу эскертүү", – деп жазды Свириденко.

Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кая Каллас "Орусиянын Запорожье АЭСин мыйзамсыз басып алуусу айлана-чөйрөгө жана адамзатка коркунучту көрүнүктүү деңгээлде жогорулатарын" билдирди.

"Орусиянын бул объекттеги коргоочу саркофагга сокку урганы - ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн эл аралык зыянды көзөмөлдөө аракеттерин коркунучка кептеген болуп көрбөгөндөй этиятсыздык", - деп жазган Каллас.

Молдованын президенти, ушул тапта Киевде жүргөн Майя Санду "Европа үчүн өмүрүн жана ден соолугун бергендерди эскерүү үчүн" Чернобылга барууну көздөп жатат.

"Апааттар чек араны билбейт - аны тилектештик да билбеши керек. Молдова кыйратуучулар менен эмес,куруучулар менен бирге турат", - деп билдирди Санду.

СССР маалында - 1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыл өзөктүк ишканасында болгон жарылуу айлана-чөйрөгө оор зыян келтирип, жүз миңдеген адамдар там-ташын таштап кетүүгө аргасыз кылган. Бул ишкана 2000-жылдын 15-декабрында жабылган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG