Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) мурдагы директору, юрист Илим Карыпбеков Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынганын билдирди.
Ал бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчаларына видео кайрылуусун жарыялап, окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын сөзүнө караганда, Орусиядагы Эльбрус чокусуна чыгуу үчүн Кыргызстандан атайын топ даярдап алып барууну максат кылган. Бирок ага бул өлкөгө кирүүгө уруксат бар-жогун билүү үчүн өзү биринчи барган. Аны Москвада чек арадан “кошумча текшерүү” деген негизде 1,5-2 саат текшерип, коё берген. Москвада 2-3 күн жүрүп, кайра 25-апрелде Кыргызстанга кайткан учурда чек арадан аны кайрадан 3-4 саат суракка алып, ага Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынганы тууралуу билдирмени колуна карматкан.
“Бул билдирме Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) атынан берилди. Мен ФСБ бизде аябай күчтүү деп айтып келем. Бул анын далили. Расмий билдирүүдө мага Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынганы жазылып турат. Орусиянын ФСБнын билдирүүсүндө “эгерде мен Орусияга дагы бир жолу кирсем кылмыш иши козголуп, камаласың” деп турат. “Салам Кыргызстан” жана башка аталыштар менен Телеграммда ачылган каналдар, “Спутник”, “Номад” телеканалдары Орусияны колдоого пропаганда кылып, биздин мээни айланта турган курал экенин айтып келет элем. Бул ошонун кесепети”, - деди ал.
2025-жылдын ноябрь айында кыргызстандык таанымал рэпер Бакрды Орусиянын аймагына киргизбей коюшкан.
Бул окуядан кийин кыргызстандык ырчылар Султан Садыралиевге, Ильяз Абдразаковго, алып баруучу Бектур Шаршеналиев, куудул Ильяз Иманалиевге да Орусияга кирүүнө тыюу салынганы белгилүү болгон. Алардын айрымдары Орусияга баратканда чек арадан алардын уюлдук телефондору текшерилгенин айтып беришкен. (BTo)
Шерине