Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:45

Трамп Уиткофф менен Кушнер Исламабадга барбай калганын билдирди

Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф
Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф

АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен кеңешчиси Жаред Кушнер Исламабадга Иран менен сүйлөшүүлөргө барбайт. Бул тууралуу президент Трамптын Fox News агенттигине 25-апрелде курган маегинде айтылды. Бир күн мурун Ак үй Уиткофф менен Кушнердин сапарын ырастаган.

"Бизде бардык карталар бар. Алар (ирандыктар) бизге каалаган учурда чала алышат, бирок биз мындан ары алар менен эч нерсе чечилбеген жолугушуу үчүн эле учууларга 18 саат коротпойбуз," - деди Трамп.

Ак үй өкүлдөрдүн сапары болбой калышынын себеби тууралуу суроолорго президенттин Fox агенттигине курган маегин шилтеме кылып жооп берди. Кийинчерээк Трамп Иран менен сүйлөшүүгө америкалык бардык өкүлдөр барбай турганын Truth social соцтармагындагы баракчасына жазды. Ал кайра эле Иран бийлигиндеги пикир келишпестик макулдашууга жетишүүгө тоскоолдук кылып жатканын билдирди.

АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Иран менен сүйлөшүүнүн экинчи раундуна барары тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазышкан, так күнү 27-апрель болору айтылган. Бирок Иран мурдагыдай эле сүйлөшүүгө даярдыкты ырастаган эмес.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи ишембиде Исламабаддагы сапарын жыйынтыктаган. Анын сөзүнө караганда, пакистандык ортомчуларга Ирандын көз карашында жаңжалдын бүтүшү тууралуу билдирген. Аракчи белгилегендей, АКШ дипломатияга канчалык олуттуу маани берери белгисиз.

Иран сүйлөшүүлөр жылышы үчүн мурдагыдай эле өзүнүн портторун бөгөттөөнү токтотууну талап кылууда.

Ушул тапта АКШ президенти тарабынан бул аптада мөөнөтү көрсөтүлбөй узартылган ок атышпоо уланып жатат. АКШ Ирандын деңиз портторун бөгөттөөнү улантып жатса, Иран Ормуз кысыгын жаап салган.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG