Баткен шаарына ХIХ кылымда жашап өткөн кыргыздын чыгаан инсандарынын бири, Кокон хандыгында аскер башчы болгон Алымкул аталыктын айкели тургузулат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Фейсбук баракчасына жазды.
“XIX кылымда жашап өткөн чыгаан ишмер, Кокон хандыгынын иш жүзүндөгү башкаруучусу, генерал Черняевдин күчтөрү менен кармашып жатып Ташкент салгылашуусу маалында отуз эки жашында шейит кеткен атактуу Алымкул аталыктын (Алымкул амир-и лашкер, Алымкул амир ул-уламо) урматына эстелик тургузулат... Эстелик жер жайнап кеткен майда-чүйдө эмгектерге окшобой, бедизчиликтин мыкты өрнөгү болуп калууга тийиш”, - деп жазды Койчиев.
Анын айтымында, облус жетекчилиги жер бөлүп берип, эстелик турчу жер алдын ала макулдашылган. Айкел жасоого сынак жана шарттары жакын арада жарыялана турганы айтылды.
Алымкул аталыктын теги бардык жазма булактарда кыргыздын кыпчак уруусунан деп көргөзүлөт. Айрым булактарда жөн гана кыргыз-кыпчак Молдо Алымкул деп кездешет. Өзбек Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде Алымкул аталыктын уулу Шер-Мухаммед (Шермат-К.М) Мырза Алымкулов тууралуу документтер көп учурайт. (КЕ)
Шерине