Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:50

Орус армиясынын аткылоосунан Днепрде төрт киши каза болду

Днепр, 25-апрель, 2026-жыл.
Днепр, 25-апрель, 2026-жыл.

Орус армиясынын аткылоосунан Днепрде төрт кабаттуу турак үй жарым-жартылай урап түштү. Днепропетров облусунун администрация башчысы Александр Ганжанын айтымында, аткылоо 10 сааттан ашуун убакытка созулду. Кеминде үч киши каза болуп, 20дан ашууну жараат алды. Арасында балдар дагы бар.

Кийинчерээк куткаруучулар урандынын астынан дагы бир кишинин сөөгүн алып чыгышты. Куткаруу иштери уланууда.

Чернигов облусунун Нежин шаарында эки киши каза болуп, кеминде жетөө жараат алганын аймактын башчысы Вячеслав Чаус кабарлады.

25-апрелге караган түнү орус армиясы Одессага дрон менен чабуул жасады. Облус башчысы Олег Кипер эки киши жараат алганын, турак үйлөр жана порттук инфратүзүм зыян тартканын билдирди.

Орусиянын учкучсуз учактары Юрков жана Запорожье райондорунун ортосундагы айылдагы автобус каттамына сокку уруп, бир киши каза болду, төртөө жараат алды. Автобус зыян тартты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын бир нече районго чабуулу түнү менен уланганын билдирди. Анын айтымында, 30 киши жараат алды.

Өлкөнүн ички иштер министри Игорь Клименко жалпысынан сегиз аймак сокку алдында калганын, төрт киши жараат алганын билдирди. Арасында төрт айлык ымыркай дагы бар.

Орусия, Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү маалымдагандай, 12 "Искандер-М"/С-400 баллистикалык, 29 даана Х-101, 5 даана "Калибр" канаттуу ракеталары учурулганын айтты. Shahed дрондорунан 619у учурулуп, анын 580и жана 30 ракета атып түшүрүлдү.

Орусия соңку аткылоо боюнча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG