Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Акыйкатчы: Алимент өндүрүү маселеси жапырт социалдык көйгөйгө айланууда

Жамиля Жаманбаева
Жамиля Жаманбаева

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда жашы жете элек балдарга алимент өндүрүү жылдап созулган көйгөйгө айланганын белгиледи.

Акыйкатчынын 28-апрелде таратылган билдирүүсүндө азыркы иштеп жаткан алимент өндүрүү механизми жетиштүү натыйжа бербей, "жарандар ата-энелик жоопкерчиликтен качып, баланын укуктары толук корголбой, маселе массалык социалдык көйгөйгө айланып бара жатканы" белгиленген.

Мекеме алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин аткарылышына былтыр мониторинг жүргүзгөн. Анда Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жана Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына талдоо жүргүзүлгөн. Соттор, ИИМдин өкүлдөрү, адвокаттар, ошондой эле алимент өндүрүү көйгөйлөрүнө кабылган аялдар менен маектешүү жүргүзүлгөн.

"Алимент өндүрүү жолу соттук териштирүүсүз ишке ашпай, ата-энелик милдеттин мыйзам чегинде аткаруу маданияты өнүкпөй, балага каражат бөлдүрүү үчүн жарандар соттошууда. Соттун чечими чыгарылган менен алардын басымдуу бөлүгү ишке ашпай жатат. Бул алиментке байланыштуу негизги көйгөйлөрдүн бири. Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын баарында сот чечими болгон жана ал учурда алар аткарылган эмес", - деп жазылган омбудсмендин билдирүүсүндө.

2024-жылы, акыйкатчынын маалыматына караганда, сот аткаруучулар 36 613 чечимдин 4 152синен гана алимент өндүрө алган. 2025-жылдын аягында алимент боюнча сот чечиминин саны 60 миңден ашкан. Муну белгилеген омбудсмен алимент өндүрүү механизмдери алгылыктуу натыйжа бербей жатканын, сот чечимин жылдап күткөн өндүрүүчүлөр андан ары сот чечимдеринин аткарылышын жылдап күтүүгө мажбур болушарын билдирүүдө.

"Ал арада бала бой жетип, алимент өндүрүү иши токтотулат. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматында, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 1543 иш боюнча бала 18ге чыккандыктан өндүрүү аракети токтотулган. Адвокаттардын айтымында, бул маселеге сот аткаруучулардын кайдыгерлиги же коррупциялык фактор дагы өз салымын кошууда. Алименттен качуу үчүн карызкор жасалма “жумушсуз” болуп, чыныгы кирешесин жашырып, мүлкүн туугандарына каттатып, өзү чет өлкөгө чыгып кетет", - деп белгилейт акыйкатчы.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы карызкорлордун 99 пайызы (2024-жылы 72 %) расмий жумушсуз болгон. Алимент төлөөдөн баш тарткан кырызкорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушу менен өткөн жылы укук коргоо органдарына 604 иш жөнөтүлгөн. Бирок анын 368ине гана кылмыш иши козголуп, калган 236сына баш тартылган.

Акыйкатчынын мониторингине катышкан милиция кызматкерлери алимент төлөбөй жүргөндөрдү жоопкерчиликке тартуу татаал экенин, чет өлкөгө чыгып кетсе издөө кыйынчылыкка турарын, телефон номурларын тез-тез алмаштырышарын айтышкан. Ошонун негизинде Министрлер кабинетине бир катар сунуштар жөнөтүлгөнү кабарланды.

Буга чейин акыйкатчынын кийлигишүүсү менен төрт жаранга жалпы суммасы 200 миң сомдон ашык каражат өндүрүлүп берилип, ата-энелик милдетин аткаруудан баш тарткан бир карызкор кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда алимент төлөбөгөн 1204 кишиге издөө жарыяланган. Ал эми алиментке байланыштуу жалпы 60 миң 720 иш өндүрүшкө алынган.

Алимент төлөбөгөн жарандарды сот аркылуу эркинен ажыратуу тажрыйбасы Кыргызстанда 2026-жылдан тартып ишке аша баштады. Буга чейин Баткен облусунун, Манас шаарынын, Сузак районунун тургундары кесилип, сот залынан камакка алынышкан. Ошондой эле 400-500 миң сомдон 1 миллион сомго чейинки алимент карызы бар жарандардан каражат өндүрүлгөнү маалымдалган. Өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөй турганы расмий айтылган. (ZКo)


Шерине

XS
SM
MD
LG