Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Кылычбек Cултан Пакистандагы элчи кызматынан кетти

Кылычбек Cултан.
Кылычбек Cултан.

Кылычбек Cултан берген арызына ылайык Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордонун” басма сөз кызмат кабарлады.

Элчилик кызматка ал 2025-жылдын июль айында дайындалган.

51 жаштагы Кылычбек Султан 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы, 2017-2018-жылдары Түштүк Кореядагы элчиси болуп иштеген.

2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде ал элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогону үчүн президентке ачык кайрылганын айткан. Мындан кийин ал жана мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да кызматтан алынган.

Кийин бул окуяга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG