Бириккен Араб Эмирликтери 1-майдан тарта мунай экспортточу өлкөлөрдүн ОПЕК картелинен жана ОПЕК+ форматынан чыгарын жарыялады.
Расмий билдирүүгө ылайык, мындай чечим өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиясына төп келет жана энергетикалык тармакты, анын ичинде кара майды казууга инвестиция салуу иштерин өнүктүрүүгө багытталган. Эмирликтин бийлиги энергия ресурстарынын ишенимдүү камсыздоочусу катары кала берерин белгиледи.
Уюмдан чыгууну мунай өндүрүү саясатын улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен кайра карап чыгуу максаты жана энергетика рыногундагы азыркы абал, “Перс жана Ормуз кысыктарындагы олку-солку” менен түшүндүрдү.
Бириккен Араб Эмирликтери ОПЕКке мамлекет түзүлгөн 1970-жылы кошулган.
Картелдин маалыматы боюнча мунай өндүрүүдө өлкөнүн үлүшү 2024-жылы 13,5% түзгөн. Уюмдан чыккандан кийин эмирлик талапка жана рыноктогу абалга жараша өндүрүштү көбөйтүүнү көздөөдө.
12 ири экспортоочунун башын бириктирген ОПЕК 1960-жылы түптөлгөн. Ага Алжир, Венесуэла, Иран, Сауд Арабия жана башкалар кирет.
ОПЕК+ кеңейтилген форматына Орусия, Азербайжан жана Казакстан өңдүү көз карандысыз өндүрүүчүлөр мүчө. Ал уюм дүйнөдөгү мунайдын жарымы менен камсыздайт.
Эксперттер эмирликтин чыгышы пикир келишпестиктерге карабай адатта биримдигин көрсөтүүгө далалаттанган уюмдун алсырашына алып келиши мүмкүн деп эсептешет.
Шерине