Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө шаарында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында, 27-28-апрель күндөрү Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак жайлардын жана социалдык объекттердин короолоруна жана жертөлөлөрүнө сел суусу кирген.
Сел жүргөн аймакка ӨКМдин 74 кызматкери, сегиз атайын техника жана эки инженердик техника тартылган. Мындан тышкары, Алай райондук жарандык коргонуу кызматтары тиешелүү мекеме-уюмдардан жана жергиликтүү тургундардан жалпы 388 адамды, 27 техника жана беш мотопомпа тартып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Баштапкы маалымат боюнча, сел суусы 92 турак жайга (анын ичинде 17 жертөлөгө, 71 короого жана төрт чарбалык курулушка) жана эки мектепке кирген. 28-апрелдин кечинде 25 үй селден тазаланды. (BTo)
Шерине