Түштүк Кореянын экс-президенти Юн Сок Ёлдун жубайы Ким Гон Хинин сот өкүмү 4 жылга чейин узартылды. Шейшембиде апелляциялык сот аны көз боемочулук үчүн айыптуу деп тапты.
Январда мурдагы биринчи айым диний уюмдан эки Chanel сумкасын, бриллиант шуру жана башка белектерди алганы үчүн паракорлук беренеси менен бир жыл 8 айга кесилген.
Ошондо сотто баалуу кагаздардын көз боемочулугу жана саясий фонддор тууралуу мыйзамды бузуу беренелери боюнча акталган.
Ким Гон Хи апелляциялык арыз берген. Бирок прокуратура да өкүмдү талашып, аны катаалдатууну сураган.
Хинин адвокаттары апелляциялык соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылышарын билдирди.
Экс-президенттин аялы былтыр августта камакка алынган. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал 2 миң 200 доллар турган Dior брендинин сумкасын белекке алган. Президенттин администрациясы ага чейин белек берилгенин бышыктап, бирок ал өкмөттүн мүлкү катары сакталганын билдирген.
Андан тышкары Ким Гон Хи акциялар менен көз боемочулук кылуу жана мыйзамсыз киреше алуу максатында Deutsch Motors компаниясынын башчысы менен кутумга барган деп күнөөлөнгөн.
Мурдагы президент Юн Сок Ёл 2024-жылдын декабрында конституциялык түзүлүштү бузууга күнөөлүү деп табылып, быйыл февралда өмүр бою эркинен ажыратылган. Тергөө версиясына ылайык, ал парламентке аскерлерди киргизип, саясий атаандаштарын кармоого аракет кылган. Мунун натыйжасында кызматынан четтетилип, камакка алынган.
Бир кезде прокурор болуп иштеген Юн коюлган айыптарды четке кагып, президент катары аскердик абал жарыялоого укугу бар экенин билдирген.
Анын айтымында, бул кадам оппозициялык партиялардын өкмөттүн ишине тоскоолдук жаратып жатканы үчүн жасалган.
Шерине