Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Бишкек: Мэрия курган алгачкы көп кабаттуу унаа жай сынга алынууда

Көп кабаттуу унаа токтотмо жайы. Бишкек. Апрель, 2026-жыл.
Көп кабаттуу унаа токтотмо жайы. Бишкек. Апрель, 2026-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да Бишкекте ачылган алгачкы муниципалдык көп кабаттуу унаа жайды талапка жооп бербейт деп эсептей турганын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып, аталган жай машинелердин, өзгөчө чоңураак жол тандабастардын кирип чыгуусу үчүн ыңгайсыз экенин белгиледи.

Депутат ошондой эле мэриянын демилгеси менен курулган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай бизнес долбоор катары кызмат кылып каларын да белгилеп, буга имараттын сырткы дубалына чоң көлөмдөгү жарнамалык LED экран орнотулушун мисал келтирди.

"Мен буга каршы эмесмин, бирок шаардык кеңештин чечими бар - мындай экрандар соода жана оюн-зоок борборлорунун дубалдарына гана жайгаштырылышы керек. Бул имарат андай эмес, мыйзам баарына бирдей болушу керек да", - деп жазды Бекешев.

Көп кабаттуу унаа токтотмо жайы. Бишкек. Апрель, 2026-жыл.
Көп кабаттуу унаа токтотмо жайы. Бишкек. Апрель, 2026-жыл.

24-апрель күнү Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын расмий ачылышы болгон. Имарат 245 автоунаага ыңгайлашканы, анын курулушуна 220 млн сом сарпталганы айтылган.

Бишкектин Орто-Сай базарынын жанына курулган көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жайдын ыңгайсыздыгын сындаган пикирлер буга чейин да соцтармактарга жарыяланган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG