27-апрелде Сүлүктү шаарындагы "Кара-Садак" көмүр шахтасында кырсык болуп, бир киши уранды алдында калып набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-апрелде маалымдады.
41 жаштагы шахтердун сөөгүн куткаруучулар ошол эле күнү уранды алдынан алып чыгышкан. Маркумдун сөөгү "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Учурда кырсыктын себептери такталууда.
Сүлүктү шаарында бир нече көмүр шахтасы жайгашкан. Буга чейин шахталарда иштеп жатып газга ууланып өмүрү кыйылган окуялар бир нече жолу катталган.
Былтыр январда шаардагы шахталардын биринде уранды алдында калган кен казуучу куткарылган.
2020-жылы "Кенчилер-Береке" шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен эң кичүүсү 19, эң улуусу 73 жаштагы үч эркек жана кош бойлуу бир келин газга ууланып каза болгон.(ZKo)
Шерине