Президент Садыр Жапаров 28-апрелде Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген министрлерди кабыл алды.
Мамлекет башчы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары уюмдун коргоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо министрликтеринин ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Президент ошондой эле аталган кеңешменин алкагында жетишилген макулдашуулар уюмдагы коргоо кызматташтыгын жана жалпы коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.
Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Быйыл бул уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.
ШКУ 2001-жылы Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлери негиздеген уюм. Ал өз ара ишенимди, саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
2017-жылы ШКУга Индия менен Пакистан кошулган. 2023-жылы Иран, 2024-жылы Беларус кирген.(ZKo)
Шерине