Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Израилдин президенти Ицхак Герцог Астанага барды

Касым-Жомарт Токаев жана Ицхак Герцог. Астана, 27-апрель, 2026-жыл.
Касым-Жомарт Токаев жана Ицхак Герцог. Астана, 27-апрель, 2026-жыл.

Израилдин президенти Ицхак Герцог 27-апрелде Астанага барды. Эки өлкөнүн кызматташтыгы казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен расмий сүйлөшүүлөрдө талкууланды.

Израил-казак алакасы акыркы айларда, өзгөчө былтыр ноябрда Астана Израил менен мусулман өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты жакшыртуу максатында АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн дипломатиялык пакт - Авраам (Abraham) макулдашуусуна кол койгондон кийин активдешти.

Казакстан ал документке кошулар алдында Токаев АКШнын президенти Дональд Трамп жана Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху менен телефондон сүйлөшкөн.

Январда Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар 16 жылдан бери биринчи жолу Казакстанга барып кеткен. Визиттин жүрүшүндө визасыз режим тууралуу меморандумга кол коюлган.

Ицхак Герцогдун сапары Жакынкы Чыгыштагы абал курчуп турган маалга туш келди.

28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы чабуул баштап, апрелдин башында убактылуу жарашуу жарыяланган. Вашингтон менен Тегерандын сүйлөшүүлөрү азыр туңгуюкта.

Тышкы саясатта көп векторлуу багытты карманарын айтып келген Казакстан Ирандын соккуларына кабылган Перс булуңундагы өлкөлөргө колдоосун билдирген. Уруш башталганда Тегеран жооп иретинде Израилге жана америкалык базалар жайгашкан араб мамлекеттерине чабуул койгон.

Борбор Азиядан жалгыз Астана Иранга гуманитардык жардам жөнөткөн жок.


Шерине

XS
SM
MD
LG