Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ менен Израилге каршы согушта көргөзгөн “колдоосу” жана “тилектештиги” үчүн Орусияга ыраазылыгын айтты.
27-апрелде ал Санкт-Петербургда орус президенти Владимир Путин жана башка расмий адамдар менен жолукту.
“Аймак олуттуу окуяларга дуушар болуп жаткан чакта Орусия менен эң жогорку деңгээлде иштешүү мүмүкүнчүлүгүнө кубанычтамын. Акыркы окуялар биздин стратегиялык өнөктөштүктүн тереңдигин жана бекемдигин далилдеди”, - деп жазды Ирандын башкы дипломаты.
Аны менен жолугушууда Путин Тегеранга бекем колдоосун билдирди.
“Ирандын эли эгемендиги жана суверендүүлүгү үчүн эрдик жана баатырдык менен күрөшүп жатканын көрүүдөбүз”, - деп айтты орус президенти.
Путин өткөн жумада өлкөнүн жогорку лидери, аятолла Можтаба Хаменеиден кат-кабар алганын кошумчалады. Жаңы көсөм бул кызматка тандалгандан бери калың эл алдына чыга элек. Маалыматтарга караганда, ал атасы каза тапкан 28-февралдагы сокку учурунда оор жаракат алган.
Тегеран менен Москванын мындай достугу Вашингтондо көз жаздымда калган жок.
Орусия азыркы согушта Иранга аскердик чалгын маалымат менен көмөктөшкөнү тууралуу кабарланып келет. Маселе жакында АКШнын Конгрессинде каралган.
Шерине