Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

Мунайдын баасы өсүп, баррели 111 долларга жетти

Иллюстрация
Иллюстрация

Мунайдын баасы шейшембиде да өсүү тенденциясын улантты. АКШ менен Иран согушту токтотуу жана Ормуз кысыгын ачуу тууралуу мунаса таба алары арсар болуп турган маалда Brent маркасындагы мунайдын баасы европалык рынокто 3% өсүп, бир баррели 111 долларга жетти.

Кара май 7 күн катары менен кымбаттап келатат, ал эми Азиянын финансы рынокторунда 28-апрелде акциялар арзандап жатты.

Америка менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, Ормуз кысыгынын жабылышынын экономикалык кесепеттерине байланышкан тынчсыздануу өлкөлөрдүн борбордук банктары саясатын өзгөртүшү мүмкүн деген айың кептердин күчөшүнө жем таштады.

Ошол жаңы саясатка ылайык, инфляцияга туруштук берүү үчүн үстөк пайызды көтөрүү каралууда.

Ормуз кысыгынан дүйнөдөгү мунай менен газдын дээрлик 20% ташылат.

АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралда Иран кысыкты кемелер менен мунай танкерлери үчүн иш жүзүндө жаап салган. Ок атышууну токтотуу макулдашуусунан кийин, 17-апрелде ачып, көп өтпөй кайра жапкан. Анын алдында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктаганда америкалык аскерлер ирандык портторду бөгөттөгөн.

Мунун айынан пайда болгон глобалдык кризис өзгөчө Азиянын өлкөлөрүндө сезилүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG