Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана парламенттин экс-депутаты Курманкул Зулушев 28-апрелде Ички иштер министрлигинде (ИИМ) бир нече саат сурак берип чыкканы кабарланды.
Бир катар жергиликтүү сайттар алар кайсыл иш боюнча сурак бергени так эмес экенин жазып, бирок муну президенттик шайлоону быйыл өткөрүү демилгесин көтөргөн 75 адамдын кайрылуусу менен байланыштырып жатышат.
ИИМ “Азаттыкка” маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок. Мекеменин басма сөз кызматы комментарий бербей турганын гана билдирди.
28-апрелдин кечинде адвокат Шердор Абдыкапаров Фейсбуктагы баракчасына сурак тууралуу видео жарыялап, сөз болуп жаткан үч саясатчы сурак эле бербестен аларга “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине менен айыбы угузулганын айтты. Бирок кийинчерээк видеону баракчасынан өчүрүп салды.
Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев жана алардын тарапташтары комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаров 27-апрелде Kaktus.media порталына маек куруп, “75чилердин катына” Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктай турганын билдирген.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, анда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Абдылдабек Эгембердиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.
Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. (BTo)
Шерине