Москвада быйыл 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата парадга адаттагыдай аскердик техника катышпайт. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги 28-апрелде өзүнүн Telegram каналына жазды.
Мындай көрүнүш орус бийлиги Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу болууда.
Мекеменин маалыматына караганда, Суворов жана Нахимов аскердик окуу жайларынын студенттери, ошондой эле кадет корпусунун студенттери да Кызыл аянтта жүрүшкө чыкпайт.
Муну министрлик "азыркы кырдаалга" байланыштуу деп түшүндүрүп, бирок парадга согуштук учактар катышарын билдирди.
Парад бул жолу "кыскартылган" форматта өткөрүлүшү мүмкүн экени буга чейин да кабарланган. Айрымдар жыл сайын апрель айынын соңунда өткөрүлүүчү репетиция да уюштурулбаганына көнүл бурушкан.
Ал тапта Орусиянын аймактарында 9-майга карата көп киши катышуучу майрамдык иш-чаралар да быйыл өткөрүлбөй турган болду. Нижний Новгород, Саратов, Чувашия жана Калуга облустарында, мисалы, парад болбойт. Воронеж, Курск, Брянск жана Белгород облустарында майрамдык фейерверктерге тыюу салынды. Жергиликтүү бийлик мунун коопсуздук чаралары менен түшүндүрүүдө.
Былтыр Москвадагы парадга Түндүк Кореядан келгендерди кошкондо 10 миңдей аскер, 200гө жакын аскердик техника катышкан.
Жеңиш күнүн майрамдоо парадына Орусиянын борбор калаасында аскердик техника 2008-жылдан бери катышып келген.
Шерине