Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкек электр тармактар ишканасынын директору (А.М.), башкы эсепчиси (Ч.И.) жана анын орун басары (Д.Ш.) кармалганын кабарлады.
Мекеме 29-апрелде жарыялаган маалыматына ылайык, алар 2023-жылдан бери алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын каражатын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кылмыштуу схема уюштурган деп шек саналууда.
Тергөөдө бухгалтерия аркылуу жасалма документтер түзүлүп, акча маяна катары көрсөтүлүп, башкы эсепчинин орун басарынын (Д.Ш.) банктык эсебине которулуп турганы аныкталган. ИИМ кийин шектүүлөр аны бөлүштүрүп алып келгени, жыйынтыгында ишканага көп суммада зыян келтирилгени белгилүү болгонун кошумчалады.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр эки айга камакка алынды.
Ушул тапта Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Паизов Азамат Мамазакирович. ИИМ тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет.
Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)
Шерине