Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

"75чилер иши" боюнча сот өкүмү: Ташиевдин адвокаты Башкы прокуратурага даттанды

"75чилер каты" боюнча сот жообуна тартылган сегиз адам. Коллаж.
"75чилер каты" боюнча сот жообуна тартылган сегиз адам. Коллаж.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Ал айыпталуучулар башка иштин негизинде күнөөлүү деп табылып, укуктук негизде коргонууга мүмкүнчүлүк берилбегенин айтууда.

Икраимидин Айткулов Башкы прокуратурага жолдогон катын Фейсбуктагы баракчасына 14-сентябрда жарыялады. Анда ал биринчи инстанциядагы сот Камчыбек Ташиев баш болгон айыпталуучуларды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы боюнча актап, “бийликти күч менен басып алууга даярдык” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканын, мындай берене менен сотко чейинки териштирүүдө жана сотто кылмыш ишин кароо учурунда айыптоонун предмети аныкталганын белгилеген.

Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

Бирок шаардык сотто Адис Момуналиев баштаган коллегиянын Ташиев баш болгон айыпталуучулардын беренесин Кылмыш кодексинин "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмаштырганы түшүнүксүз болгонун адвокат билдирүүдө. Мындан улам айыпталуучулар бул берене боюнча сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын жүйө келтирген.

Мындан улам Икрамидин Айткулов баш прокурор Малик Бектургановго кайрылып, буш ишти караган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын үстүнөн тергөөгө чейин териштирүү жүргүзүп, тиешелүү укуктук баа берүүнү суранган. Шаардык соттун судьялары иштеги беренени негизсиз алмаштырганын жазган. Соттук териштирүүдө жана ага чейинки тергөөдө да шайлоого байланышкан суроо коюлбаганына кайрылган.

“Алар ишти тергөөгө кайра жөнөтүшү керек болчу. Биринчи инстанциядагы чечимди жокко чыгарып, жаңы берене боюнча карап көргүлө деп прокурорго жөнөтсө болмок. Бул боюнча такыр сөз болгон жок. Шайлоо укугун колдонууга тоскоолдук кылуу боюнча маселе болгон эмес. Анын үстүнө азыр эч кандай шайлоо өнөктүгү жок да. Азыр шаардык соттун өкүмүн ала элекпиз. Алар жазып бүтө элек. Бергенден кийин эмне деп жазганын окуйбуз. Баары бир бул мыйзамсыз чечим экени анык. Ошого карап даттануу арызын жазабыз. Сөзсүз жазылат”, - деп билдирди Айткулов "Азаттыкка".

Ал жарыялаган билдирүүсүн Жогорку соттун чечиминен кийин баш прокуратурага жолдой турганын тактады.

Кайрылуу адвокат Айткуловдуку болгону менен анын келтирген жүйөлөрүнө бул иштеги башка айыпталуучулардын жактоочулары да тилектештик билдирүүдө.

Маселен, Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоев мындай кырдаалда айыпталуучулардын мыйзамдуу коргонуу укугу сакталбай калганын белгиледи.

Бишкек шаардык соту “75чилердин каты” боюнча чечим жана андагы берененин алмашуусу боюнча түшүндүрмө бере элек. Жогорку соттун басма сөз кызматы жакында судьялар коллегиясынын толук актысы жактоочуларга берилерин, бул документте бардык жагдайларга түшүндүрмө камтыла турганын маалымдады.

10-сентябрда Бишкек шаардык соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулгандуу иш боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, айыпталуучуларга карата “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмашкан. Сот сегиз адамды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскарткан.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов мындай түшүндүрмө берди:

“Практикада мындай болчу. “Адам өлтүрүү” беренесин “кокусунан өлтүрүп алууга” переквалификация кылчу. Мен дагы маалымат каражаттарынан эле таанышып жатам. Ал иште дегеле шайлоого тиешелүү жана шайлоочулардын укугуна шек келтирген аракеттер болгонбу же болгон эмеспи? Тергөө ага укуктук баа берип, ошол маалда кандайдыр бир аракеттери же аракетсиздиктери квалификацияланган болсо, ошондо беренени өзгөртүү жөнүндө сөз кылсак болот”.

Жактоочулар жана адистер сотто беренени өзгөртүү бири-бирине жакын айыптардын ортосунда жүрүшү керектигин белгилеп, шаардык соттун өкүмү буга коошпой калганына көңүл бурушууда. Анткен менен бул жагдайда юридикалык жагынан мурда андагы саясий таасир болгонун белгилегендер бар. Саясат таануучу Эмилбек Жороев буларга токтолду:

“Бул иш Кыргызстандагы соттук териштирүү жана адилеттүүлүк системасынын абалын көрсөтүп турат. Тилекке каршы, ушундай талашсыз түрдө саясий жүйө жана эсеп менен жасалган чечим деп баалайм. Мындай прецеденттин болгону менин эсимде жок. Териштирип келип, сот чечим чыгарып жатканда башка беренени билип калуусу – сот процессинин жаңы көрүнүшү болуп калды”.

Бул иштин алкагында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев, Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов айыпталган. Тергөөдө аларга массалык башаламандык боюнча да айып тагылып, сот бул берене боюнча баарын актаган.

Айыпталуучулардын баары чечим мыйзамсыз экенин, коюлган айып менен макул эместигин белгилеп келишет. Камчыбек Ташиев соттон акыры аягы акталарын бир нече ирет кайталаган.

Бул иштин алкагында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев, Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов айыпталган.

Соттун өкүмүнөн соң айыпталуучулар мындай чечимге макул эместигин билдиришкен.

Шаардык соттогу процесстер жабык өтүп, соттор коллегиясы өкүмдү окуган учурда да журналисттер сот залына киргизилген жок.

Мекеменин маалымат кызматы муну соттор коллегиясынын чечими менен түшүндүрдү.

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин адвокаты Жоомарт Аширбаев соттун чечимин саясий мүнөздө деп бааласа болот деген пикири менен бөлүштү.

"Соттун бул оор беренелерден 195-беренеге өткөнү алардын оор кылмыштарга негизсиз айыпталганынын далили болуп жатат. Жеке пикирим, саясий чечим деп ойлойм".

Быйыл 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Сот аларга үч жылдык пробация чечимин чыгарып, камакка алган эмес.

Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.

Райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна прокуратура да, шектүүлөр да апелляциялык арыз берген.

7-сентябрдагы отурумда прокурорлор соттон айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган.

Башкы көзөмөл органы "75чилер каты" боюнча соңку чечимге азырынча комментарий бере элек. 9-сентябрда башкы прокурор Малик Бектурганов маалымат каражаттарына маегинде тергөө ар тараптуу жүргүзүлгөнүн, иш негиздүү экенин билдирген. Ал тогуз жыл деген жаза мөөнөтү ошонун негизинде суралганын белгилеп: "Кылмыштын беренелерине жараша сурап жатабыз да. Биздин позициябыз бир эле", - деген.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова укуктук жагынан алганда бүгүнкү өкүм ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Буга чейинки аракеттери бул беренеге жатпайт. Андай аракет болгон эмес. Кандайдыр бир жумшартуу максатында жасалдыбы? Соттор өз ыктыяры менен жасадыбы же бийлик менен компромисс болдубу? Эң негизгиси, булар мурунку тагылган айыптан, тагыраагы, “Бийликти басып алуу” деген айыптан акталды десек болот. Ал эми азыркы өкүм окшошпой калды. Укуктук жактан алганда, булар акталышы керек болчу. Анткени ал жерде аракет деле жок".

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

Жапаров 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан.

Ташиев күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

"75чилер каты" боюнча шаардык соттогу процесс өлкөдөгү көңүл борборунда болгон саясий окуяга айланды. Катка кол койгон бир нече коомдук-саясий ишмер күбө катары көрсөтмө берди.

Райондук соттун чечиминен кийин Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышуу ниети болбогонун, саясий өнөктүктө президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын ачык билдирген. Анын мындай кадамын талдоочулар эки тараптын мунасасы катары мүнөздөшкөн.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG