Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

"Ынтымак ордодогу" кадрдык жүрүш: Аяз Баетов Нью-Йоркко аттанат

Аяз Баетов. Архив сүрөт.
Аяз Баетов. Архив сүрөт.

мазмуну

  • Кыргыз өкмөтүндө ушул аптада күн кур эмес кадрлык өзгөрүүлөр болуп жатат.
  • 8-сентябрда соңку беш жылдан бери юстиция министри кызматын аркалаган Аяз Баетов иштен кетип, анын ордуна Алмаз Айылчиев дайындалды.
  • Баетов ушул эле күнү БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Соңку маалда ал өкмөт курамында узак туруп, "Ынтымак ордонун" ишенимдүү кадрларынын бирине айланган.
  • 44 жаштагы Айылчиев акыркы он беш жылга жакын убакыттан бери өкмөт менен парламенттин аппаратында юрист болуп эмгектенип келген.

"Азаттыктын" булактары Аяз Баетов Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болорун айтышкан. Бул маалымат 8-сентябрда расмий тастыкталды. Юстиция министри болгон Алмаз Айылчиев саясий чөйрөдө анча таанымал болбосо да "ММК жөнүндө" талаштуу мыйзам боюнча топтун башчыларынын бири катары белгилүү.

Президенттик администрация Аяз Баетов Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалганын, Аида Касымалиева бул кызматтан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганын 8-сентябрдын кечинде жарыялады.

42 жаштагы Аяз Баетов юстиция министрлигинде иштеп турганда президенттин көздөй кадрларынын бири болду. Анын "Кумтөр" алтын кенин Кыргызстанга алууда чоң салымы болгонун президент Садыр Жапаров эки-үч курдай ачык айткан жайы бар.

Былтыртан тартып ага мамлекеттик органдардагы бюрократияны жоюу боюнча иштин башына келип, вице-премьерликке тете укуктар берилген эле. Баетовдун бул жааттагы ишинин жыйынтыгы кандай болгону коомчулукка анчейин белгисиз.

Ошентсе да талдоочулар Аяз Баетовдун учурдагы өкмөттөгү салмактуу мүчөлөрүнүн бири болгонун белгилешет.

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

"Баетов президент Жапаровдун командасындагы эң күчтүү кадрлардын бири. Ал Кумтөр маселесинде юридикалык жагын жөнгө салууда эң чоң салым кошкон. Учурунда Мадумаров парламентте отуруп Баетовго сын айтканда аны Жапаров өзү коргоп чыккан эле. Кумтөр башталганда дагы де-факто Кумтөрдү басып алганы менен аны эл аралык чөйрөдө юридикалык жагынан туура көрсөтүүдө Баетов башка адистер менен биргеликте жөнгө салды. Центерранын экологиялык зыянына байланыштуу маселеде аларды сүйлөшүүгө мажбурлоодо салымы болгон. Юстиция министрлиги билинбеген бирок системдүү тармак. Башка министрликтерге анын таасири бар. Илгери бюрократиялык маселелер көп болуп, чечим же токтом үчүн айлап-жылдап жүрүш керек эле. Ошондой бюрократиядан арылуу жагынан Юстиция министрлигиндеги Баетовдун командасы жакшы өзгөрүүлөрдү жасады", - деген пикирин мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев айтты.

Кыргызстандын БУУдагы өкүлү

Баетовдун жаңы кызматы расмий жарыялана элете бийликтеги бир нече булак ал Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындаларын билдиришкен эле.

Бул кызматта акыркы төрт жылдан бери Аида Касымалиева иштеп келди. Анын элчилик кызматтагы мөөнөтү аяктагандыктан Улуттар Уюмундагы жаңы өкүлдү дайындоо маселеси күн тартибинде турган.

Анын үстүнө быйыл июнда Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлангандан тартып бул кызматтын мааниси артты. Себеби алдыңкы эки жылда Кыргызстан дүйнөдөгү эң башкы окуялар боюнча талкууларга катышып, добуш берүүгө аралашат.

Ошентип, соңку эки күндө өкмөттөгү эки министр алмашты.

Мындай өзгөрүүлөр күзүндө бир топ кызмат алмашуу болушу мүмкүн деген саясий чөйрөдө айтылып келаткан билдирүүлөрдүн далилиби деген талкууга жем таштады.

7-сентябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев иштен кетип, анын ордуна Алмаз Имангазиев дайындалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жакынкы күндөрү дагы башка кадрдык жүрүштөр болорун четке какпайт:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

"Менимче, өзгөрүүлөр дагы уланат. Балким, президенттик шайлоодон кийин да уланышы ыктымал. Дайыма буга президенттик администрация карап турат. Ким кандай ката кетирүүдө, ким жакшы иштеди деген аналитика бар. Жакшы кадрлар болсо аларды тиги же бул ведомствонун ишин алдыга жылдырып бер деп жибериши мүмкүн. Мисалы, Аяз Баетов жакшы юрист, корпоративдик укукту жакшы билет. 2021-жылдан бери иштеп келатат, жаман иштеген жок. Менимче, ага жакшы жумуш сунушташат. А, мүмкүн, ал министрликте иштеп чарчагандыр".

Саясий чөйрө кадрдык жүрүштөрдү президенттик шайлоо менен байланыштырууда. Кыргызстанда президенттик шайлоо кийинки жылдын январь айына белгиленген. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеш бул саясий кампаниянын мөөнөтүн расмий аныктайт.

Дал ушундай саясий жараян алдында өкмөттөгү өзгөрүүлөр коомдук талкууну кызытты.

Дипломатиялык чөйрөдө Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүл кызматына Аяз Баетовдун талапкерлигинен тышкары Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов, учурда Түрк мамлекеттер уюмунда башкы катчылыкты жетектеп жаткан Кубанычбек Өмүралиев, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков сыяктуу адамдардын аты аталып жатканын да айтышкан.

Байсалов: Жапаров менен атаандашам дегендер шайлоого чыксын
please wait

No media source currently available

0:00 0:55:40 0:00

Булардын арасынан Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине шайлануу процессине активдүү катышып, салым кошконун "Ынтымак ордого" жакын блогерлер да жазышкан эле. Байсалов жакында эле "Азаттыкка" курган маегинде президенттин айрым кемчиликтери боюнча да айткан жайы бар. Ошентип, президент БУУдагы маанилүү кызматка өз өкмөтүндөгү активдүү министрлердин бири Баетовду тандаганы белгилүү болду.

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    "Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG