Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

ЖК комитети башкы прокурорлукка Бектургановду дайындоого макул болду

Малик Бектурганов
Малик Бектурганов

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 8-сентябрдагы жыйынында башкы прокурор кызмат ордуна Малик Бектургановду дайындоого макулдук берди. Талапкерди президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Депутат Жылдыз Курманалиева Орусияда Башкы прокуратуранын өкүлчүлүгүн ачуу ишин тездетүүнү өтүнүп, бул аталган өлкөдө кылмыш жоопкерчилигине тартылган мекендештер боюнча иштөөнү жеңилдетерин билдирди.

Депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы үйлөрдү түрттүрүү, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана жашыл аймактарды коргоого байланышкан иштерде мэриянын чечимдеринин мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууга чакырды. Эл өкүлү шаардын өнүгүшүн колдой турганын айтып, бирок ошол эле учурда жарандардын укуктары да сакталышы керектигин кошумчалады.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана парламенттин регламенти боюнча комитети Алмаз Имангазиевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына, ал эми Алмаз Айылчиевди юстиция министри кызматына дайындоого макулдук берген.

30-июнда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Кыргызстандын башкы прокурорунун милдетин убактылуу аткаруу Малик Бектургановго жүктөлгөн.

51 жаштагы юстициянын генерал-майору башкы прокурордун биринчи орун басарлыгына быйыл 14-февралда дайындалган.

Бектурганов 1974-жылы Фрунзе шаарында туулган, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Баш калаанын райондук, шаардык прокуратураларында, Башкы прокуратурада эмгектенген.

2018–2021-жылдары Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 2021–2022-жылдары Жалал-Абад (азыркы Манас) шаарынын прокурору, 2022–2024-жылдары Ош шаарынын прокурору, 2024-жылдан бери башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.

Бектурганов УКМК башчылыгына дайындалган Максат Асаналиевдин ордуна келди. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG