Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Орусия Германиянын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугун жабат

Германиянын Москвадагы элчилиги.
Германиянын Москвадагы элчилиги.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Германиянын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүнө берилген макулдукту жокко чыгарарын билдирди. Ага ылайык, өкүлчүлүк 18-сентябрга чейин ишин токтотууга тийиш. Министрлик ошондой эле Башкы консулдуктун бардык кызматкерлери Орусиядан чыгып кетиши керектигин маалымдады.

Мындан тышкары, Орусиядагы Гете атындагы немис маданий борборлору өз ишмердүүлүгүн токтотуп, алардын кызматкерлери 13-сентябрдан кечиктирбестен өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш.

Германия 4-августта Лейпциг-Халле аэропортуна жардыргыч зат орнотулган дрон чабуулун уюштурууга Орусияны расмий түрдө айыптаган. Бул окуяга жооп катары Германиянын бийлиги Бонндогу Орусиянын консулдугун жана Берлиндеги «Орус үйүн» жабуу чечимин кабыл алган. Натыйжада Орусиянын Берлиндеги дипломатиялык өкүлчүлүгү гана калган.

Германия өлкөгө кирген орус жарандарына карата чек ара көзөмөлүн да күчөткөн.

Ушундан кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Гете институту жабыларын билдирген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Москва Германиядагы консулдуктун жана «Орус үйүнүн» жабылышына жооп кайтарарын айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG