Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

ЖК комитети жаңы министрлерди дайындоого макулдук берди

Алмаз Айылчиев, Алмаз Имангазиев.
Алмаз Айылчиев, Алмаз Имангазиев.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана парламенттин регламенти боюнча комитети 8-сентябрдагы жыйынында Алмаз Имангазиевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына, ал эми Алмаз Айылчиевди юстиция министри кызматына дайындоого макулдук берди. Талапкерлер тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Комитеттин төрайымы Гүлнара Акимбаева Имангазиевге кайрылып, психоневрологиялык диспансерлерди модернизациялоо, жаңы типтеги мекемелерди түзүү, психикалык оорулары бар бейтаптарды, анын ичинде аутизм жана жүрүм-туруму өзгөчөлөнгөн адамдарды дарылоо жана реабилитациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Юстиция министри Аяз Баетов кызматтан башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулганын 8-сентябрда «Ынтымак Ордо» кабарлаган.

Президент Садыр Жапаров кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулуп, анын милдетин аткаруу Алмаз Имангазиевге жүктөлгөн.

Алмаз Имангазиев 2022-жылдан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп келген. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментин жетектеген.

44 жаштагы Алмаз Айылчиев буга чейин президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ошондой эле укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG