8-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын борбор калаасы Киевге жасаган чабуулунда согуштук дрон жана баллистикалык ракета колдонгонун шаардын аскердик администрациясы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, беш кабатту турак үйгө куралдын сыныктары тийип, өрт тутанды, кеминде алты адам жараат алды.
Үч күндүк тыныгуудан кийин Киев кайрадан реактивдүү дрондордун жана баллистикалык ракеталардын соккусуна кабылды.
Дем алыш күндөрү АКШ президенти Дональд Трамптын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер орус жана украин бийликтеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Украин президенти Владимир Зеленский жолугушуунун жыйынтыгында "Украина-АКШ-Орусия" форматындагы үч тараптуу жолугушууга даярдыгын билдирди.
Москва да үч тараптуу жолугушуу ыктымалдыгын четке каккан жок, бирок качан жана каерде болору тууралуу айтуу азырынча эрте экенин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымдады.
Шерине