Кытайдын мамлекеттик Jilin Chemical Fiber Group компаниясы Орусияга 46 тонна полиакрилонитрил жеткирген. Бул зат учкучсуз аппараттарды чогултууда пайдаланылат. Бул тууралуу жүк ташуу документтери менен таанышкан Politico жана The Telegraph басылмалары жазды. Жүк документтерде жарандык багыттагы товар катары көрсөтүлгөн.
Жүктү кабыл алуучу тарап катары «Росатомго» караштуу «Алабуга-Волокно» компаниясы белгиленген. Ал Татарстандын «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагында жайгашкан. Бул жерде 2023-жылдан бери Ирандын «Шахед» дрондорунун негизинде учкучсуз аппараттар чыгарылып келет.
Вашингтондогу Илим жана эл аралык коопсуздук институтунун жетекчиси Дэвид Олбрайттын баамында, жеткирилген материал кеминде 1300 учкучсуз аппарат чыгарууга жетет.
Жеткирүүгө байланыштуу документтер Украинанын Коопсуздук жана кызматташтык борборунун колуна тийген. Politico басылмасынын маалыматына караганда, алардын аныктыгын Украинанын бийлиги жана АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Кытай маселелери боюнча атайын комитети ырастаган. Документтер Улуу Британияга да берилген.
АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Борбордук чалгын башкармалыгы бул маалыматка комментарий берген жок. Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги документтердеги маалыматтарды төгүндөгөн эмес.
Politico буга чейин Украинага сокку уруу үчүн колдонулган орус дрондорунан Кытайда чыгарылган тетиктер табылганын белгилейт. Басылманын ырасташынча, жаңы алынган документтер Кытайдан Орусиядагы дрондорду чыгарууга байланыштуу ишканага мындай материалдар түз жеткирилгенин биринчи жолу айгинелеп турат.
Кытай согушуп жаткан тараптардын бирине да курал-жарак бербей турганын жана кош максатта колдонулуучу товарлардын экспортун көзөмөлдөй турганын расмий билдирип келет.
Бирок АКШ жана Евробиримдикке кирген өлкөлөр кытайлык компанияларды Орусиянын аскердик өнөр жайында колдонулушу мүмкүн болгон тетиктерди жана жабдууларды жеткирүүгө бир нече жолу айыпташкан.
Шерине