Литва Беларустун 22 жаранынын жашоого уруксат макамын (ВНЖ) жокко чыгарып, аларды өлкөдөн чыгарды. Аларга Шенген аймагына киришине беш жылга тыюу салынды. Алар Европа Биримдигинин Космос программасы боюнча агенттиги (EUSPA) каржылаган долбоорго катышкан компанияда иштешкен. Литванын Мамлекеттик коопсуздук департаменти бул компания алдамчылык менен жарым миллиондой евро алганын билдирди.
Литванын бийлиги өлкөдөн чыгарылган Беларус жарандары улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деген бүтүмгө келген.
Маалыматка караганда, алар иштеген компания Орусия менен Беларустун аскердик өнөр жайы менен байланышын жашырып келген.
Ишти Европа прокуратурасы, Литванын Финансылык кылмыштарды иликтөө кызматы жана Мамлекеттик коопсуздук департаменти биргелешип иликтеген. Тергөө маалында Литвада катталган компания айыл чарбасында колдонулуучу, Galileo жогорку тактык кызматын пайдаланууга жөндөмдүү спутниктик навигациялык кабылдагычтарды иштеп чыгуу үчүн Европа Биримдигинен каржы алганы аныкталган. Бул жабдуулар айыл чарба техникасын башкарууда жана дыйканчылык иштеринде колдонулмак.
Долбоордун жалпы бюджети бир миллион евродон ашкан. Анын 745,4 миң евросун Европа Биримдигинин Космос программасы боюнча агенттиги каржылаган. Анын ичинен 447,2 миң евро компанияга төлөнүп берилген.
Департаменттин маалыматына ылайык, компанияны иш жүзүндө Беларустун жарандары - атасы менен уулу башкарып келген. Алардын бири бир нече жыл мурун Орусиянын жарандыгын да алган. Бирок Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштагандан кийин санкцияларды айланып өтүү максатында компаниянын жетекчилиги өзгөртүлгөн. 2022-жылдын апрелинде компаниянын жетекчиси болуп алардын үй-бүлө мүчөсү болгон АКШ менен Литванын жараны дайындалган.
Ошол эле учурда бул эки адам Орусияда катталган жана аскердик максатта колдонулуучу спутниктик навигация микрочиптерин иштеп чыгуу жана сыноо менен алектенген компанияда жетекчилик кызматтарды аркалап келген. Компания Европа Биримдигинин санкциялар тизмесине киргизилген.
Вильнюс аймактык соту Беларустун эки жаранын Европа Биримдигинин каражаттарын алдамчылык жолу менен алуу, документтерди жасалмалоо жана жасалма документтерди пайдалануу боюнча күнөөлүү деп тапкан. Маалыматка ылайык, алар күнөөсүн моюнуна алып, 447,2 миң евро өлчөмүндөгү чыгымды толугу менен төлөп беришкен.
Бирок аларга кандай жаза берилгени жана алардын өлкөдөн чыгарылган 22 адамдын арасында болгон, болбогону такталган жок.
Шерине