Мунун алдында Орусиянын Мамлекеттик Думасында Кыргызстандагы орусча жер-суу аталыштарын кыргызчалоого байланыштуу талкуу чыккан. Адистер бул сапарды ошондой эле күйүүчү-майлоочу майдын наркына байланыштуу да чечмелешүүдө.
Жолугушуудан учкай кабар
Казакстандын борбору Астана шаарында 22-апрелде өткөн Аймактык экологиялык саммитке катышкан кыргыз президенти Садыр Жапаров аттын башын буруп, 23-апрелде күтүүсүз Орусияга жол тартты. Ал Кремлде орус президенти Владимир Путин менен жолукту. Расмий маалымат кызматтары сүйлөшүүлөрдүн учкай мазмунун жарыялады.
Жолугушууда Орусиянын президенти Владимир Путин тосуп алуучу катары сөз алып, буларга токтолду:
“Сиз бизди, бардык делегациябызды өз мекениңизде меймандостук менен тосуп алганыңыз азыр да эсимде турат. Биз анда абдан жемиштүү иштештик. Биздин бардык келишимдер аткарылып жатканын, эки тарапта тең биздин командалар жакшы иштеп жатканын белгилеп койгум келет. Ал жыйынтыктарын да берип, Кыргызстандын экономикалык өсүшүндө оң таасирин көрсөтүүдө. Сиздин бүгүнкү жумуш сапарыңыз да биздин алакалардын өнүгүшүнө таасир этет деп ишенем”.
Бишкек президенттин Орусияга сапары тууралуу буга чейин маалымат берген эмес. Жолугушуудан кийин Президенттик администрация сүйлөшүүдө эки тараптуу алаканы жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө көңүл бурулганын билдирди.
Садыр Жапаров жолугушуу кыргыз тараптан демилгеленгенин билдирди:
“Бизди тарыхый байланыштар бириктирип турат. Биз стратегиялык өнөктөш болгонбуз жана мындан ары да ошол бойдон кала беребиз, Орусия Федерациясы биздин башкы өнөктөшүбүз. Өзүңүз билгендей, биз бир катар эл аралык уюмдарда, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунда активдүү мүчөбүз. Быйыл 31-августта жана 1-сентябрда бизде, Бишкекте ШКУнун саммити өтөт. Ошого байланыштуу сиздин Кыргызстанга сапарыңызды, саммитке катышууңузду чыдамсыздык менен күтөбүз”.
Президенттер андан ары эмнени сүйлөшкөнү жөнүндө расмий маалымат чыккан жок.
Санкция, орус тили, күйүүчү майдын баасы
Эки президенттин жолугушуусу алдын ала жарыяланбагандан улам сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби жана анын зарылчылыгы коомчулукка белгисиз болду. Ушундан улам муну Орусиянын жана Кыргызстандын саясий айдыңында катталган соңку окуялар менен байланыштыргандар чыкты.
Айталы, Кыргызстанда башка тилдеги жер-суу аталыштарын кыргызчалоо тууралуу маселе көтөрүлсө, ал Орусиянын Мамлекеттик Думасында орус тилине басым катары талкууланган. Мындан сырткары Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанга санкция киргизип, өлкөгө эки товарды экспорттоого тыюу салды. Эксперттер башка да маселелерге басым жасашууда.
Саясат талдоочу Айболот Айдосов чукул жолугушуунун себептери тууралуу оюн ортого салды:
“Эң биринчи себептердин бири Европа Биримдиги Орусия Федерациясына жана Кыргызстанга санкция киргизип жатканы. Өзгөчө Орусияга санкция салышууда, бирок Кыргызстанга да санкция кирди. Бүгүнкү күндө өзүбүз көрүп жатабыз, экономикабызда, социалдык жашоодо бир аз кыйынчылыктар болуп жатат. Иран менен АКШнын ортосунда кагылыштын себебинен Ормуз кысыгы жабылып, бензин менен дизелдин баасы көтөрүлүп, Кыргызстанда да баалар өстү. Анткени биз аларды Орусиядан сатып алабыз. Элдин ичинде кандайдыр бир нааразылыктар бар. Ошону чечиш үчүн Садыр Жапаров Москвага барып, стратегиялык мамилелерибиз бар деп, Кыргызстанга мүмкүнчүлүктөрдү узартууну суранды деген божомолдор болуп жатат. Муну жолугушуу үчүн экинчи себеп деп атайт элем. Үчүнчү нерсе, биз чоң саясий өнөктүктүн алдында турабыз, келерки жылдын башында президенттик шайлоо өтүшү керек. Биздин бийликте ошонун алдында кандайдыр бир саясий кырдаал түзүлүп кетпесин деген да камтамачылык болушу мүмкүн. Шайлоо тынч өтүп, кырдаалдын туруктуу болгону азыр баарынан маанилүү. Балким, бул да каралгандыр. Албетте, маалыматтык майданда талкууланып жаткан аталыштарды кыргызчалоо орусиялык саясатчылардын да реакциясын жаратты, бул да соңку жолугушууга себеп болушу мүмкүн. Бирок бул негизги себеп эмес, негизги себеп мен жогоруда келтирген үч маселе”.
Айткандай эле, АКШ кийлигишкен Израил менен Ирандын согушу Борбор Азия чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына да таасир этүүдө. Тегеран Ормуз кысыгын бөгөттөгөндөн улам дүйнөдө мунай кымбаттап, бул Кыргызстанда да күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө алып келди. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы өлкөдө бензин менен дизел дагы кымбатташы мүмкүндүгүн билдирүүдө.
Кыргызстан өзү керектеген күйүүчү-майлоочу майдын 90-95% Орусиядан сатып алат. Башка жактан канал издөө аракеттери азырынча жемишин бере элек.
Бирок, жогоруда белгилегенибиздей, расмий бийлик соңку жолугушууда аталган маселелер, анын ичинде күйүүчү майдын баасы менен санкция темасы сөз болгон-болбогонун тактаган жок.
Санкция чуусу
Жапаровдун сапарынын алдында Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстанга да салынган санкцияларды комментарийлеп, бул “Бишкектин Москвага берилгендиги эмес, Кыргызстандын өз кызыкчылыктарын коргоосунун натыйжасы” катары баалады.
Батыш өлкөлөрү Орусиянын өзүнө санкция салгандан сырткары ага көмөктөшкөн өлкөлөрдөгү компанияларга жана жеке адамдарга экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу чара колдонулду. Акыркы эсепте 2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинди. Анын ичинде төрт банк, төрт криптокомпания бар. Мындан сырткары ушул эле компаниялардын айрым негиздөөчүлөрү же жетекчилери да “кара тизмеге” алынды.
Быйыл февралда Украинадагы согуштун төрт жылдыгына карата сунушталган санкциялардын 20-пакетинде Европа Биримдиги жеке компаниялардан сырткары Кыргызстанга товардын эки түрүн (металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын) сатууга тыюу салууну киргизген. Документти жактыруу эки өлкөнүн каршылыгы менен жылып келип, топтом мына апрелде кабыл алынды.
Бул жерде товарларды кайсы бир компаниялардын ташуусуна эмес, Кыргызстандын ташуусуна тыюу салынды.
Reuters сыяктуу айрым эл аралык басылмалар жана жергиликтүү медиалар муну “Кыргызстанга салынган санкция” катары баалашса, кээлери муну жөн гана “эки товарды ташууга киргизилген чектөө” деп чечмелешүүдө.
Европа Биримдигиндеги мамлекеттер, АКШ, же Улуу Британия санкциялык кээ бир товарлар Кыргызстанга өтө көп импорттолуп, ал кийин Орусияга реэкспорт болуп кетип жатканын негизги жүйө катары келтирип келет.
Кыргызстандын бийлиги муну доомат катары атап, четке какканын улантууда.
“Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен эмне үчүн Кыргызстанга көбүрөөк санкция салынгандай көрүнүп жатат?” деген суроого TriTrace Investigations иликтөө бюросунун башкаруучу өнөктөшү Илья Шуманов минтип жооп берди:
“Буга бир нече фактор бар. Биринчиден, Кыргызстан Орусиянын жакын өнөктөшү. Экинчиден, ал бир бажы мейкиндигинин катышуучусу. Ошол эле ЕАЭБге Борбор Азиядан Казакстан менен Кыргызстан гана кирет. Эң маанилүүсү Кыргызстан иш жүзүндө Орусияга товар жеткирүүдө башкы хаб болуп калды. Анан, Орусия ал жерде дале аскердик базасын кармайт. Мындан сырткары, албетте, геосаясий контекст да бар, Европа Биримдиги соодадагы кандайдыр бир адаттан тыш көрүнүштөргө өзгөчө маани берет. ЕБдин санкциялар боюнча атайын чабарманы О'Салливан дайыма “Борбор Азия же Кыргызстан деген аномалия чыкты, Кыргызстанга радиожабдууларды жана станокторду импорттоо кескин өсүп кетти” деп айтып жүрөт. Европа Биримдигинин баасында бул товарлар реэкспорт болуп жатат, ал нерселер көз карандысыз иликтөөлөр аркылуу да ырасталууда. Мисалы, Common High Priority Items (CHPL) уюмунун изилдөөсүндө Европа Биримдигинен Кыргызстанга радиоэлектрониканы экспорттоо 800% өсүп, аны Кыргызстандан Орусияга экспорттоо 1200% өсүп кеткени көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө бул санкцияларды кыйгап өтүү экени көрүнүп калууда”.
Ооба, Европа Биримдиги санкциялардын 20-пакетин кабыл алар алдында Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан Бишкекке келип, Кыргызстандын өкмөт өкүлдөрү менен кездешип кеткен.
О'Салливан менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев да жолугуп, Кыргызстандын жүйөлөрүн айткан.
Данияр Амангелдиев санкция жөнүндө соңку маалымат жарыялангандан кийин “Азаттыкка” мындайча пикирин билдирди:
“20-пакеттин мазмунун булар негизи эч кимге айтышпайт, элчилерге таратып бергенге чейин ал жашыруун болуп турат. А биз ошол департамент тараткандан кийин билгенбиз. Ошондон бери бир топ жумуштарды өткөрүп, чоң мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар өздөрү деле, бир нече өлкөлөрдүн министрлери, мисалы, Италиянын министри да айтты. Алар “Башкаларга сабак болсун деп Кыргызстанга санкция салганыбыз өзүнүн натыйжасын бербейт” деп айтышты. “Салсак чоң мамлекеттерге салалы” дешти. Ошону биз деле айтып, “Кыргызстан аркылуу маселе деле жок” дегенбиз. Башка мамлекеттерге караганда биздин салымыбыз өтө аз. Болгону айрым товарлар мурда таптакыр ташылган эмес, 100 даананы эле ташып келсек, ошону “импорт 100 эсе, 1000% өсүп кетти” деп баалап жиберишти. Мына ушул жүйөлөрдү келтирип, иш-планды чыгарып, дайындап, статистикалык маалыматтарды, экспортко чектөө боюнча документтерди өткөрүп бергенбиз. Бирок ага карабай бул О'Салливан мырзанын, ал кишинин департаментинин эле кылганы болуп калды. Анткени Европадагы бир да мамлекет бизге түздөн-түз доо койгон жок. Ошентсе да биз бул багытта иштеп жатабыз. Кийинки пакеттен банктарды да, мамлекетти да санкциядан чыгаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Кеп болгон товарларды жеке компаниялар ташый албашы мүмкүн, бирок эгер мамлекетке муктаждык болсо өзүнүн атынан кайрылса ага чектөөлөр болбойт. Ошондуктан бул санкциянын мамлекетке олуттуу кесепети жок”.
"Санкцияга кабылуу саналуу гана өлкөлөрдүн эң жакшы эмес акыбалы"
Негизи санкцияга илинип калуу олуттуу маселе экенин "Азаттыкка" курган маегинде саясат талдоочу Эмил Жороев белгиледи. Ал Орусияда расмий жыйынга катышып жатып кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн бири "биз экинчи орундагы санкциялардан коркпойбуз, Орусия менен эң жакын өнөктөшпүз" деп айтканын эстеп, муну жоопкерчиликсиз мамиле болгон деп атады:
"Ал эми азыр алда канча дыкат түшүнүү бар санкциялардын эпкини канчалык кооптуу, терс таасир бере турганы тууралуу. Жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл. Менимче, бул бийлик өкүлдөрүнүн элди бир аз жоошутуу максатында айтканы болушу мүмкүн. Санкция кол шилтеп койчу оңой нерсе эмес. Эгер биз чындап бекем, абройлуу инвестиция тартабыз десек, дүйнөлүк каржы базарынын катышуучусу болобуз десек, бул жакшы нерсе эмес. Санкцияга илинип калуу дүйнөдө саналуу гана өлкөлөрдүн эң жакшы эмес акыбалы. Биз андайга түшпөшүбүз керек. Андан кутулуу, акталуу өтө узакка созулуп кетиши мүмкүн".
Жапаровдун Путин менен соңку жолугушуусунда талкууланган болушу ыктымал деген маселелердин арасынан аталыштарды кыргызчалоо тууралуу пикирин бөлүшкөн Жороев:
"Биз кыргыз иденттүүлүгүнө, тилине, маданиятына тиешелүү кандай гана сөз көтөрбөйлү, дароо ал жакта «орус тилине, маданиятына чабуул» деп чыгашат. Биринчиден, албетте, аларда улутчул бир чөйрөлөрү бар башка мамлекеттерди көзөмөлгө алгысы келген. Экинчиден, Орусиянын өзүнүн ичиндеги ар кандай социалдык-экономикалык терс көрүнүштөрдөн элдин көңүлүн бурдуруу аракети деген ой келет. Биздин айылдардын аталыштары Думанын кайсы бир депутатына эч кандай тиешеси жок болуш керек, бул биздин эгемен маселебиз, алардын пикири көрсөткүч болбошу керек", - деп белгиледи.
Кыргызстан менен Орусиянын президенттери мындан алдын – 2025-жылы ноябрда Бишкекте, Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде жолугушкан. Тараптар "Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө" биргелешкен билдирүү менен кошо жалпы сегиз документке кол коюшкан.
Шерине