Америкалык президент Дональд Трамп Тегеран менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн, Ирандын энергетикалык инфраструктурасына 5 күн сокку урулбай турарын билдирген. Бирок Ислам жумуриятынын медиасы Вашингтон менен диалог тууралуу маалыматты төгүндөдү. Кара майдын маанилүү коридору болгон Ормуз кысыгы бөгөттөлүп калганына дээрлик 4 жума болду.
Перс булуңундагы мунай өндүрүүчүлөр чийки заттын ири бөлүгүн Азияга Ормуз кысыгынан жеткиришет. Согуш башталгандан бери дал ошол аймактагы өлкөлөр энергетикалык кризистен өзгөчө жапа чегүүдө.
Камбожада салттуу Тук-Тук деп аталган арабалардын айдоочулары май куюучу станцияларда узун кезектерде турушат.
Жаратылыш газы менен камсыздаган Sokimex компаниясы уруштан улам импорт үзүлтүккө учурап, 1-апрелден баштап газ менен бензинди сатууну убактылуу токтоторун билдирген.
Өкмөт күйүүчү майды үнөмдөө чараларынын алкагында жергиликтүү элди узак жолго чыкпоого, эртең мененки жана кечки кымгуут маалда менчик машиналарды азыраак пайдаланууга үндөп келатат.
Бангладештин борбору Даккада шейшембиде көпчүлүк май куюучу жайлар жабык турду. 175 миллион калкы бар өлкөнүн энергетикасы 95 пайызга импорттон көз каранды.
Өз кезегинде Жапония марттын этегинен тартып кампалардагы мамлекеттик запастарды колдоно баштарын премьер-министри Санаэ Такаичи билдирди:
"19-марттан бери бензин, дизел, мазут өңдүү мунай продукциясынын баасын ооздуктоо үчүн субсидия бере баштаганбыз. Бул чаралар азыркы кырдаалдын экономикага тийгизген залакасын азайтууну көздөйт. Ал эми электр энергиясы менен газга болгон тарифтер мындан эки-төрт ай мурунку бааларга жараша бычылгандыктан азыр кескин көтөрүлүп кетпейт.
Бул өңдүү чукул чараларды Азиядагы калган өлкөлөр да көрүп жатышат. Мисалы, Түштүк Корея энергияны сарамжал колдонуу боюнча жалпы улуттук кампания баштады. Мамлекеттик мекемелер жеңил унаа колдонууну азайтмакчы. Менчик машиналарды айдоого да чектөө киргизилиши толук ыктымал.
Элге ысык душка түшүүнүн, телефонду кубаттоонун, кир жууган машиналар менен чаң сордургучтарды колдонуунун убактысын азайтуу кеңеши берилди.
Кыскасы, Перс булуңундагы согуштун кесепетин азиялыктар жон териси менен сезүүдө.
Ормуз кысыгы эмне үчүн маанилүү?
Жакынкы Чыгыштын картасына көз чаптырсак, Оман менен Иран ортосунда орун алган кысык Перс жана Оман булуңдарын байланыштырат. Түндүк тарабында Иран, түштүгүндө Араб жарым аралы. Узундугу 167 чакырымга жетсе, эң кууш жери 33 чакырымды, ал эми кемелер каттаган канал болгону 6 чакырымды түзөт.
Ормуз аркылуу дүйнөлүк рынокко ташылуучу мунайдын 20% өтөт. Былтыркы статисткага ылайык, ал коридор аркылуу күнүнө болжол менен 20 миллион баррел чийки мунай, конденсат жана күйүүчү май жүктөгөн кемелер өтөт.
Мунайдын ири өндүрүүчүлөрү Сауд Арабия, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт жана Иран чийки заттын ири бөлүгүн негизинен Азияга дал ошол кысык менен экспорттошот.
Катар суюлтулган газды бүт бойдон Ормуз менен ташыйт.
Орусия Украинага кол салгандан кийин Европа орусиялык энергиядан баш тартканы Перс булуңундагы өлкөлөрдүн импортуна байланып калган.
АКШнын энергетикалык маалымат башкармалыгы кабарлагандай, Ормуз кысыгынан ташылган кара майдан эң көп Британия, Италия, Бельгия жана Польша көз каранды.
Kpler брокер компаниясы булуңдагы мамлекеттер жылуулук берүүдө, айыл чарбада суюк отун катары колдонулган пропан, бутан, этандын ири экспортерлору экенин белгилейт.
Ирандагы согуш башталгандан бери Ормуз кысыгынын айланасында 200дөн көп кеме, арасында мунай менен газ тартып бараткан танкерлер токтоп турат.
Ормуз кысыгы кантип жабылган?
Согуш тутанганда соода кемелерине пилотсуз учактар, ракета жана катерлерден 20дан ашуун сокку урулган. Иран Ормуздан жүздөгөн чакырым алыс жердеги, Ирактын жээгиндеги буталарды аткылоого кудуреттүү экенин көрсөттү.
Экинчи жагынан, америкалык чалгынчылар маалымдагандай, ирандыктар кысыкта 6 миңдей түрдүү мина коюуга киришти.
Эксперттер миналарды кадимки балык улаган кайыктардан оңой эле орнотсо болорун белгилешет. Ал эми минадан тазалоо айлап созулушу мүмкүн. Алсак, 1991-жылдагы Перс булуңундагы согуштан кийин Кувейттин жээгиндеги бир миң чакты минадан АКШ жана өнөктөштөрү 51 күндө араң арылган.
Мындан тышкары марттын бир күнүндө эле 1650дөн ашуун кеменин GPS сигналдарына тоскоолдук түзүлгөн. Навигациялык системалар чаташканда эч кандай ракетасыз эле кемелер кырсыкка көп учурашы ыктымал.
Төртүнчүдөн, камсыздандыруучу компаниялар тобокелдик жогорулаган сайын соода кемелеринин камсыздандыруусун кайтарып алышты. Ал документсиз бир да деңиз унаасы жолго чыга албайт.
Энергия тартыштыгынан башка кайсы тармактар зыян тартат?
Европа менен Азиянын коммерциялык товарлары көп жыл Суэц каналынан эки жакка ташылчу. 2023-жылдын аягында Йемендеги хуси козголоңчулары Кызыл деңиздеги кемелерге кол сала баштаганда маршрут Африканы кыйгап өткүдөй кылып өзгөртүлгөн. Ирандагы куралдуу жаңжал баштала электе компаниялар ал коридорду кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышкан.
22-мартта кемелер кайрадан Суэц каналын кыйгап өтүп калды. Муну менен деңиз транспортун жалдоонун, демек, импорттун баасы өсүшү мүмкүн.
Кытайдын дипломатиялык аракеттери
Ал тапта Кытай Ормуз кысыгындагы кризистин айланасындагы абал көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымал деп эскертти.
Бээжин Тегеран менен жакшы мамилелерди сактап келгени менен америкалык базалар жайгашкан Перс булуңундагы өлкөлөргө соккуларды колдобой турганын айтып, ок атууну токтотууга үндөп жатат.
Кытай АКШ президенти Трамптын Ормуз кысыгын ачтыруу аракеттерине көмөктөшүү чакырыгына жооп кайтара элек. Ошол эле маалда Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотууда ортомчулук кылууга аракеттенүүдө. Бул максатта атайын чабарманы Чжай Цзюн аймакты кыдырып келди.
Кемелер Ормуз кысыгынан дээрлик каттабай калганы менен Кытайга байланышы бар айрым танкерлер каналдан өткөнүн эксперттер Бээжиндин Тегеранга болгон таасири менен түшүндүрүшөт.
Кытайдын кубаттуу экономикасы мунай менен газ импортунан, Перс булуңундагы жана Инд океанындагы соода жолдорунун стабилдүүлүгүнөн көз каранды. Бээжин эл аралык санкцияларды буйтап өтүп, Ирандан арзан кара май алып келчү. Эми рыноктогу алда канча кымбат чийки зат алууга аргасыз.
Андан тышкары азыркы кырдаалдан улам "Бир алкак бир жол" долбооруна ылайык Ирандын инфраструктурасына жана энергетика тармагына салынган кытайлык инвестициялардын тагдыры да бүдөмүк болууда.
Шерине