Жакындары азыр ал Орусиянын Воронеж облусунда аскердик машыгуу талаасында экенин жана аны согушка айдап кетише электе куткарып калууну суранып, президентке, Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылуу жиберишти. Ал арада 5-ноябрь күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Элистандын иши боюнча Орусиянын ТИМине нота жолдогонун маалымдады.
“Барары менен паспортун алып коюптур”
Манас шаарында Украинадагы согушка мажбурланып жиберилип жаткан кыргызстандыктын жакындары бийликке кайрылды. Алар 21 жаштагы Элистан Кыргызстанда алданып, азыр Орусияда коркутуу жолу менен согушка жиберилүү алдында турганын айтууда.
Элистандын бир тууган агасы Баястан Куштарбек уулу 3-ноябрда бийликке кайрылып, жардам сурады:
“Президентке бир тууган иним себептүү кайрылып жатабыз. Бул жерде бир тууган инимдин жана өзүмдүн досторум турат. Сизге кайрылуубуздун себеби, иним Инстаграм баракчасынан жумуш издеп таап, Орусиядагы бир кыргыз жараны менен сүйлөшөт. Ал кароолчу, жүк ташыгыч, автомеханик сыяктуу жумуштарды сунуштайт. Айлыгы 105 миңден 110 миң рублга чейин дептир”.
Агасынын айтымында, Орусиядагы иш берүүчүлөр инисине учак билетин сатып берип, ал 28-октябрда Москвага учкан:
“Шереметьево аэропортуна конот, саат 23:00дөрдө. Иним орусча жакшы билбегендиктен аэропорттон чыгып, ошол кыргыз жаранына чалат. Ал такси менен сүйлөштүр дейт. Такси аны менен сүйлөшүп, инимди түптүз мейманканага алып барат. Аны башка эле орус жараны тосуп алат. Паспортун алып коёт да, “эс ала бергиле” дейт. Иним эс алып жатканда, түнкү 3төр чамасында белгисиз машина келип, жүктөп кеткен. Белгисиз жакка алып барып, ур-токмокко алып, мажбурлап, орус тилин билбегендиктен документтерге алдап, кол койдурушкан. Ошол жерден Воронеж шаарына барып, ал жерде аскердик даярдыктан өтүп жатат. Иним азыр ошол жерде. Бул жактан биз ТИМге жаздык, УКМКга жаздык. Арыздарды жазып жатабыз. Согушка алып кетебиз деген максат менен ошол жерде кармап турушат экен. Сиздерден сураныч, ушул инимди аман-эсен мекенибизге кайтарганга болгон күч-аракет жумшап, жардам берүүңүздөрдү суранабыз”.
Элистан Токтогулов бир ай мурда гана 21 жашка чыккан. Кыргызстандын атуулу, орус жарандыгын алган эмес.
Жакындарына Воронеждеги машыгуу жайынан бир нече күн мурун байланышка чыккан. Ошол күндөн тартып туугандары кыргыз бийлигинен жакынын куткарууну суранып жүрүшөт.
“Бул видео болушунча резонанс болушу керек. Анткени өзүбүздүн Кыргызстандын жараны Орусияга жакшы жумуш, жакшы айлык деп чакырылып, бирок орустардын махинациясына туш болуп жатат. Ур-токмокко алып, Орусиянын согушуна даярдап жатат, туугандар. Ошондуктан, урматтуу Орусиядагы кыргыз элчилиги, сиздерге кайрылуу. Ушул маселени колуңуздардан келишинче тезирээк чечип бериңиздер. Урматтуу Садыр Нургожоевич, өзүңүз да ушул суроону жеке көзөмөлүңүзгө алып берүүңүздү суранабыз”, - деди кайрылгандардын бири Кадыржан Кебеков.
“Атасы да Орусияга кеткен бойдон дайынсыз”
Элистандын чоң энесинде бир нече күндөн бери уйку жок. Энеси аны үч жашынан баштап өзү чоңойткон экен.
“Ар күнү ойлоном. Кандай жерде жатат? Кандай тамак ичип жатат? Ага тамак берип жатабы, бербей жатабы… Түшүмдө да бир балээлерге аралашып жатат. Кандай болот? Кантип келет? Айланайын Кудай. Ушуну тилеп гана отурам”, - деп жатты Элистандын чоң энеси Бүмария Айтбаева.
Элистан Токтогулов Баткенде аскердик кызмат өтөгөн. Орусияга буга чейин бир жолу барып, иштеп келген. Арада атасын да издеп жүргөн экен. Атасы Куштарбек Айтбаев балдары кичине кезинде Орусияга кеткен бойдон дайыны чыкпай калган. Туугандары “Жди меня” көрсөтүүсүнө чейин кайрылып издетип, бирок табышкан эмес.
“Биринчи атасы Москвада жүрүп, жоголуп кетти. Таппадык. Балдары издеди. Кыздарым, айылдаштар, эл-журт бар экен, баары издеп, таппай коюшту. Табылбай койду. Ошентип балам жоголуп кетти эле. Атасынан жуккандай болуп эле неберемди белгисиз адамдар алып кетип жатпайбы... Алып кетип калды. Эптеп алып келип бергиле, айланайындар, алып келгиле. Өзүн мага жеткирип бергиле. Кантем, кандай кылам? Уктасам уйкум келбейт. Турсам оюман кетпей жатат. “Эно-ов” дегени гана кулагыма угулуп жатат. “Эно-ов” деп коёт эле мени. Мени да эркелетип сүйлөйт эле”, - дейт жашыган эне.
“Ал жерде телефон карматышпайт окшойт. Кээде гана бирөөнүн телефону менен чалып, байланышып жатат да. Биз менен байланыша албай жатат. Ал жакта WhatsApp иштебейт да, кире албайт, мага жаза албайт. Түз эле Орусиянын номуруна чалып жатат. Москвада жүргөн атамдын инисине гана байланышып жатат. Андан башка кабар жок. Бизде ошол сүйлөшүүлөрдүн жаздырылган үндөрү гана бар”, - деди агасы Баястан.
Кыргызстан Орусияга нота жиберди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттыктын” Элистан Токтогулов тууралуу видеосу социалдык тармактарга жарыялангандан кийин Орусияга нота жиберилгенин маалымдады:
“Кыргыз Республикасынын жараны Э.Т. алдамчылык аракеттеринин натыйжасында Орусия Федерациясынын аймагындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде жүргөндүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган репортажга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилиги аталган жарандын мекенине тез арада кайтарылышын камсыз кылуу маселеси боюнча Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү Нота жөнөттү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын элчилиги бул факты боюнча ар тараптуу текшерүү жүргүзүү, күнөөлүү адамдарды аныктоо жана мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартууну камсыз кылуу тууралуу Орусия Федерациясынын компетенттүү органдарына расмий каттарды жөнөттү. Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы Элчилиги Э.Т. аттуу жарандын жакын туугандары менен туруктуу байланышта болуп, аталган маселени өзгөчө көзөмөлүнө алган жана зарыл болгон жардам көрсөтүү боюнча иштерди мындан ары да улантат”.
Министрлик ар кандай келишимдерге кол коюудан мурда мазмунун кылдаттык менен окуп чыгууга чакырды.
Мындан эки апта мурда Кыргызстандын башкы дипломаты Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңеште “келишимге кол коё электерди алып калууга аракет кылып жатабыз” деп билдирген эле:
“Эгерде биз убагында билип калсак аларды токтотуп калып жатабыз. Аскер комиссариаттарында же чакырып, тергөө изоляторуна алып барып кол койдуруп алып кетип жатышпайбы. Эгер ошону билип калсак, биз көптөгөн мигранттарды токтотуп калдык. Бирок кээ бир мигранттар айтпай кетип калып, баргандан кийин ата-энелери билип бизге кабар берип жатышат. Эгер ошондойлор болсо бизге арыз жазса биздин Украинада элчилик аркылуу аларга чыгып, чыгарганга аракет кылып жатабыз. Көптөрү айтпай жатышат, жарадар болгондо же каза болуп калганда эле билип калып жатышат. Ата-энелери деле билбей калып жатат. Согушка кетип калгандан кийин чыгаруу бир топ оор болууда. Эгер кайсы аскер бөлүктө, кайсыл жерде экенин билсек аракет кылабыз”.
Министрдин бул билдирүүсүнөн кийин жакынын согушка мажбурланганын айтып же тууганынын дайынын таппай “Азаттыкка” кайрылгандардын саны өстү.
Украинанын “Жашагым келет” долбоору жарыялаган жаңы маалыматка ылайык, Орусия тарапта согушуп жаткан борборазиялыктардын саны 20 миңден ашты. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандын жарандары. Тизмеде Өзбекстандын 8 207, Тажикстандын 5 308, Казакстандын 3 819, Кыргызстандын 2 219 жана Түркмөнстандын 884 жараны көрсөтүлгөн.
Муну менен борборазиялыктар Украинада согушуп жаткан орус армиясынын жалпы аскерлеринин 44% түзүүдө. Ал эми Борбор Азия мамлекеттери Украинадагы согушка тартылган жарандары тууралуу маалыматты ачык жарыялай элек.
Шерине