"Азаттык" радиосунун Оштогу оператору
Кыргызстандын экинчи ири калаасы Ошто быйыл биринчи класска барган окуучулардын дээрлик 50 пайызга жакыны орус тилдүү мектептерди тандашкан.
Ошто эттин баасына нааразы болгон 60тай соодагер Ош мэриясынын алдына чогулду. Алар өкмөт койгон 770 сом деген баа арзан экенин айтып, 1 кг уй этин 850 сомго көтөрүү талабы менен чыгышты. Өткөн аптада өкмөт бааны карап, уй этин 1 кг эт 770 сом деп бекиткен.
Ош мэриясы ишкерге 380 млн сомго жакын карызын төлөп бере албагандыктан, муниципалдык “Ош Унаа” базарын 28 айга убактылуу пайдаланууга берди. "Азаттык” базар кандай шартта жеке компанияга берилгенин жана шаар бийлигинин ишкерлер алдындагы башка карыздарын иликтеди.
Ошто күйөөсү урган келин ооруканага түштү. Анын апасы кызы 9-августта катуу сабалганын, буга чейин да жолдошунан зомбулук көрүп келгенин айтууда. Гүлзада Назированын абалы начарлап, 23-августта Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Оштун мэри Жанарбек Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушуна коомчулук ачуу сын жаадыргандан кийин түшүндүрмө берди. Ал тоонун айланасын көрктөндүрүп, тротуар жана веложол куруу гана максаты болгонун билдирди.
Фергана өрөөнү 15 миллиондой киши мекендеген, дүйнөдө калк жыш отурукташкан чөлкөмдүн бири саналат. Бул жерде үч мамлекеттин чек аралары кесилишип, жүздөгөн айыл-кыштактын эли сууга көз каранды.
Ошто 2006-2007-жылдары 420 балага ооруканадан ВИЧ инфекциясы жуккан. Учурда ал балдар 20 жаштан ашты. Алардын бири Асел (аты өзгөртүлдү) коомчулуктун оюн өзгөртүү максатында Threads платформасында блог алып барып, абалы тууралуу маалымат берип жатат.
Оштогу Жаңы-Маала айылында акыркы жылдары өзгөрүү арбын. Айыл тургундарынын көбү муниципалдык ишканаларга ишке кирип, жаштары билим алып, ар кыл кесиптин ээси болууга умтулууда. «Данисте» лөлү тектүүлөрдүн бүгүнкү жашоо-турмушу тууралуу баяндайт.