Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:58

Он гүлүнүн бири ачыла элек Дилфузанын өлүмү: кыз-келинди ким коргойт?

Маркум Дилфуза Сайназарова үлпөт тою учурунда. Алты жыл мурда. Сүрөттөр анын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды
Маркум Дилфуза Сайназарова үлпөт тою учурунда. Алты жыл мурда. Сүрөттөр анын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Караван айлынын тургуну, 24 жаштагы Дилфуза Сайназарова он гүлүнүн бири ачыла электе киши колдуу болду. Жакындары ал күйөөсүнүн колунан мерт болгонун айтышууда. Кандуу окуя боюнча кылмыш иши козголуп, келиндин күйөөсү кармалды.

Дилфуза турмушка алты жыл мурун өзү туулуп-өскөн айылга чыккан. Алты жыл мурун кызына бак тилеп, турмуш жолуна узаткан ата-энеси, бир туугандары эми анын сөөгүн алып, муздак жерге жашырып, зар какшап ыйлап отурушат.

Келиндин артында чиедей үч бала калды. Улуусу беш жашта, ортончусу төрттө, кенжеси экиге эми толгон.

Окуя 31-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караган Караван айылында болгон. Маркумдун бир тууган агасы Топчубай Сайназаровдун айтымында, Дилфуза окуядан эки күн мурда ата-энесинин үйүнө келип, жолдошу менен жашагысы келбей турганын, ажырашууну каалап жатканын айткан. Эки күндөн кийин үйгө келиндин өзү эмес, сөөгү келди.

"Таарынып келген. Кайненеси балдарды ташта десе болбой, биздин үйгө келиптир. Бирок ошол күнү кечинде кайнатасы баары жакшы болот деп алып кеткен. Мына ошондон кийин болгон окуя бул. Карындашым кетем деген, кийимдерин чогулткан. Бирок күйөөсү автоунаага салып, ушул ишти кылган".

Топчубай Сайназаров "Азаттыктын" кабарчысына карындашынын сөөгүн тапкан жерди көрсөтүп берүүдө. 2-ноябрь, 2026-жыл
Топчубай Сайназаров "Азаттыктын" кабарчысына карындашынын сөөгүн тапкан жерди көрсөтүп берүүдө. 2-ноябрь, 2026-жыл

Топчубай Сайназаров карындашынын сөөгүн талаадан алып келген. Ага келиндин кайын журтунан чалып кабарлашкан. Агасы Дилфузанын сөөгү табылган жерди көрсөтүп берди. Анын божомолунда, маркум качып баратып жерге жыгылган болушу мүмкүн. Күйөөсү анын бетин жерге каратып, жип менен байлап сабаган болушу ыктымал.

"Буттары тикенек. Качайын деп ушул талаада чуркап, качкан да. Ушул жерге тумчуктурган экен. Карындашым тээтиги дөңдөн качып келген. Анан ушул жерге жыгылган. Жыгылганда бетин жерге каратып, жип менен бууп, жерге койгулаган. Эриндери жарылган. Башын таш менен урган".

Маркум Дилфузанын ата-энесинин үйү
Маркум Дилфузанын ата-энесинин үйү

Дилфуза кесиби боюнча медайым эле, бирок күйөөсүнүн кызганычынан улам жумуштан чыгууга мажбур болгонун жакындары айтып беришти. Анын сөөгү ошол эле күнү ата-энесинин үйүнөн чыгарылып, жерге берилген.

Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү кармалып, камакка алынды.

Дилфуза Сайназарова. Сүрөттөр анын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды
Дилфуза Сайназарова. Сүрөттөр анын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды

Шектүүнүн жакындары "Азаттыкка" комментарий беришкен жок.

Баткен облустук милициясы бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди

"2026-жылдын 31-октябрында катталып, саат 11:20 чамасында Кызыл-Кыя шаардык ЖДПБга телефон аркылуу Караван айылынын тургуну, 2002-жылы туулган Д.С. каза болгон абалда ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар түшкөн. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун өлүмүнө анын жолдошу, 1995-жылы туулган М.К.нын тиешеси бар экендиги аныкталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жубайлар кызганычтын айынан пикир келишпестиктен урушуп, жыйынтыгында күйөөсү маркумду уруп-сабап, муунтуп өлтүргөндүгү белгилүү болот".

Дилфузанын сөөгү табылган жер
Дилфузанын сөөгү табылган жер

Дилфуза 2020-жылы турмушка чыккан. Быйыл медициналык коллежди аяктап, дипломдук ишин жактамак.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын алгачкы алты айында өлкөдө 21 миң 138 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,8 пайызга же 4 миң 854 фактыга көп.


  • 16x9 Image

    Нургелди Каныбек уулу

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. 2022-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Улан Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр сынагынын сыйлыктарын алган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG