Аксы районунда 8-августта асынып каза болгону айтылган Гүлзат Курманбекованын жакындары анын өз өмүрүн өзү кыйганына ишенбейт. Маркумдун апасы Гүлжамал Нарматова кызынын өлүмүнө зомбулук себеп болгон деген оюн айтты:
"Андай жолго бара турган кыз эмес болчу. Кызымды мыкаачылык менен өлтүргөн. Бешенесинде, белинде токмоктолгон тактар бар. Карайып калган. Бети-башы көгала. Жону көгала. Жарылган жери бар, моюну сынган".
Маркумдун жакындары анын буга чейин да зомбулукка кабылганын жана жолдошу экинчи аял алгандан кийин жубайлардын ортосунда чыр чыкканын билдирип жатышат. Маркумдун Нурзат аттуу сиңдиси жездеси эжесинин көзүнө чөп салып жүргөн деп айтып берди:
"Эжем ал кызды же мени тандайсың деп талап койгондо, "мен экөөңөрдү тең таштай албайм, аны да таштай албайм, балдарымды, силерди да таштай албайм" деген. Каза болордон бир күн мурун ошол кыздын үйүнө барып, ызы-чуу болгон. Кайнежеси, кайненеси, жездем, эжем болуп барып ызы-чуу салып келишкен. Эжем менен акыркы жолу сүйлөшкөндө өлө турган абалда эмес болчу".
Гүлзат Курманбекова күйөөсү менен 14 жыл чогуу жашап, үч баланы тарбиялап келген. Ал Аксы районунун Кезарт айылынан Кызыл-Көл айылына түшкөн. Маркумдун кайын журту жубайлардын ортосунда чыр болгонун жана зомбулук тууралуу айтылгандарды четке какты.
"Эч кандай токмоктон каза болгон эмес. Мен аны тактап сурап, сүрүштүрүп жатам. Экөөнүн ортосунда жашоодо мушташ болуп, көгала кылып уруп салган күнү болгон эмес. Биринчи - шайтан азгырган. Экинчи - бир таарынычтан улам келиним ушул жолго барды. Иним экинчи аял алган эмес. Ал жалган маалымат. Анан уруп өлтүрүп койду деп айтып жатышат, бул дагы жалган", - Гүлзат Курманбекованын кайнежеси Гүлжайна Атаканова.
Маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Келиндин жакындары калыс жана адилеттүү тергөө болушун да талап кылып жатышат.
"Аталган факты 2026-жылдын 9-августунда Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Каза болгон жарандын сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусунун чыгышы менен мыйзам чегинде юридикалык чечим кабыл алынат", - деди Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат катчысы Улукбек Сулайманов.
Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн Кезарт айылына коюлган.
Быйыл июлда Аксы районунда 25 жаштагы Айчүрөк Өмүралиева табышмактуу жагдайда каза таап, анын жакындары күйөөсүн айыптап чыгышкан.
Келиндин кайын журту зомбулук тууралуу дооматтарды четке каккан.
Шерине