Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

"Автократиялык режимде аялдарга карата зомбулук көп болот"

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жакында интернетте “Казакстан – үй бүлөлүк зомбулуктун чордонубу?” деген видео жарыяланып, кызуу талкууга жем таштады. Кыргызстанда күн алыс өз үйүндө ажал тапкан аялдар тууралуу жазып келатабыз. Мамлекет жана үй бүлөдөгү зордук-зомбулуктун окшоштуктары New York Times басылмасында талкууга алынды.

Борбор Азиянын бетине көө жапкан көйгөй

Казакстанда соңку кездери аялдардын жеке башынан өткөн кайгылуу окуяларын ачык айтып видео кайрылуу жасап, күйөөлөрү, дагы башка жакын адамдары жабык эшик артында көрсөткөн психологиялык, физикалык, экономикалык, сексуалдык зордук-зомбулуктун бетин ачып, канча жолу кайрылса да полиция, укук коргоо органдарынан эч кандай жардам көрбөгөнүн айтып коңгуроо каккан кыймыл күч алды.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы Казакстанда 80 аял өз үйүндө жакын адамынын колунан ажал тапса, былтыр андайлардын саны 100гө чыгыптыр. Бул – ички иштер органдары текшерип тактаган расмий фактылар гана.

“Канчалаган аялдарды жакын туугандары өлүмүнүн себебин жаап-жашырып, эл укпасын деп башка шылтоону айтып, кайгылуу статистиканы жасалма түрдө азайтып келатышат”, - дейт “Не молчи” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Динара Тансари.

Орусиялык блогер Илья Варламов Youtube каналында жарыялаган атайын берүүнү "Казакстан - үй бүлөлүк зомбулуктун чордонубу?" деп атап, бул көйгөйдү иликтөөгө аракет кылган.


"Мен киши өлтүргөн эмесмин. Экинчи Бишимбаев болбойм"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

Батышта билим алган экс-министр күйөөсүнүн үйдө кол көтөргөнүн жаап-жашырып жүрүп аягында кезектеги ур-токмогунан каза тапкан Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча бир нече айга созулган ачык сот иши, Бириккен Араб Эмираттарында элчиликте иштеген дипломат күйөөсүнүн кызыл камчы мамилесинен качып кутулган жаш келиндин баяны, 32 жыл мурун алыскы казак айылында жердештери тарабынан наадандык менен зордукталган Наташа Калымбетованын окуясы Казакстанда улам бир кызуу коомдук талкууга айланып, аялдарды зөөкүрлүктөн коргоонун жолдору, мыйзамдык механизмери изделип жаткан учур.

Үйдөгү аялын, балдарын уруп-сабоо мурда административдик иш катары каралса, эми кылмыш иши катары карала турган болду. Ошентсе да үйдөгү зомбулуктун саны азайган жок, былтыр 3600дөн ашуун иш ачылып, 34 000дей киши жоопко тартылган.

Кырчындай 31 жашында зомбулуктун курмандыгы болгон казак кызы Салтанат Нукенова
Кырчындай 31 жашында зомбулуктун курмандыгы болгон казак кызы Салтанат Нукенова

Казакстандагы коомдук кыймыл коңшуларга тарайбы?

Кыргызстанда абал Казакстандагыдан да оор. Коңшу өлкөдөгүдөй деңгээлде кыз-келиндер ачык чыгып, үйдөгү азап-тозокту массалык түрдө жарыялаган жок. Парламенттин эки экс-депутатынын аялдарынын айласы кеткенде соцмедиага чыгып жардам сураганы, экс-элчинин аялынын бийликке кайрылып, адилеттик издегени медиада кеңири чагылдырылды.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын он айында 18 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук катталып, 2090 адам камакка алынып, жоопкерчиликке тартылды. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 27 пайызга көп (Казакстанда 16% көбөйгөн). Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук фактылары жылдан-жылга көбөйүп баратканы коомчулукту катуу сестенткени азырынча байкалбайт.

Ошентсе да, Кыргызстан менен Казакстанда мындай окуялар ачык жарыяланып коомдук талкуу жаратып, улуттук деңгээлде чара көрүүгө чакырыктар жасалып, айрым аракеттер көрүлүүдө.

Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанда көп учурда жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, айрыкча айыл жерлеринде болгон кайгылуу окуялар маалымат каражаттарында чагылдырылбай да калат. Жалпы чөлкөмдө сабаттуулук, билимдүүлүк эркектер менен катар кыздар, аялдар арасында да жогору, керек болсо иштеп жүргөн аялдар арасында жогорку билимдүүлөр эркектерге караганда көп деп көрсөтүлөт (Улуттуар уюмунун статистикасын караңыз).

Анан эмне үчүн аялдар өзүлөрүнө карата кордук-зордукка чыдап, көздү жуумп койот да, бул көрүнүш муундан муунга кайталанып, атүгүл күчөп баратат? Көйгөйдүн тамыры терең, себептери көп, биз бүгүн авторитардык коомдо жашаган адамдар – аялы болобу, эркеги болобу, зордук-зомбулукка карата чыдамдуулук чеги башкалардан жогору болоруна кайрылабыз.

Камчысы катуу бийликтин зөөкүр жараны көп болот

Жакында New York Times басылмасы уюштурган аудио талкууда авторитардык мамлекеттерди изилдеген адис менен аялдарга карата зордук-зомбулукту көп жылдан бери жазып келаткан журналист бул эки көрүнуштүн окшоштуктарын талдашты. Авторитардык, же камчысы катуу бийлик башкарган мамлекетте жарандардын эркиндиктери чектелип, оюн, пикирин, көз карашын ачык айтканы үчүн куугунтук өкүм сүрөт. Адамдар каалаган жагына эркин каттап, өз алдынча тандаган кесибинде иштеп, алдына койгон план, максаттарын өзү каалагандай турмушка ашыра албайт. Мамлекет баарын көзөмөлгө алат. Мурдагы СССРде адамдардын жашоо-турмушу толугу менен катаал көзөмөлгө алынган. Биз ошондой режимди көрүп калдык, ким кайда жашашы керек, кайда бара алат, кандай китеп окуп, кандай маалымат алышы керектиги катуу тескелип турган.

Үй бүлөдөгү зомбулук да аялдын кайда барары, ким менен жолугуп катышары, кайда окуп-иштери, бош убактысында эмне кылат, кандай кийим киет, баскан-турганы, деги баарын көзөмөлгө алуудан башталат.

Кээ бир күйөөлөр “кечки 6да тамак даяр болуш керек, бүгүн мындай тамак жасалсын” дегенге чейин талап кылышат.

Авторитардык, жабык коомдо адамдар өзүлөрүн изоляцияда, обочолонуп жалгыз калгандай сезип, баарына буйрук берип, жашоо-турмушун тескеп турган бийликсиз жашоо мүмкүн эместей сезе баштайт. Бийликке көз карандылык пайда болот.

Зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдар да башкалардан обочолонуп өзүнчө калып, эч кимден жардам келбечүдөй туңгуюкка кептелет. Автократиялык коомдо, ошого окшош үй бүлөдө да адамдар барымтага алынгандай абалда калып, бирок аны ачык айтып моюндай алышпайт, коркот.

Камчысы катуу коомдо да катаал эрежелерди, талаптарды бузган адамды система “жакындарың кошо жазаланат” деп коркутса, үй-бүлөдө зөөкүр эркек аялды балдарын, башка туугандарын кошо жазалайм деп коркутат. Баарынан обочолонуп, өз көйгөйү менен жалгыз калгандай абалдагы, жашоосу толук көзөмөлгө алынган аял андай абалда туура чечим кабыл ала албай, аргасыздан ойго келбеген кадамга барат, балдарын, башка жакындарын ойлобой жанын кыйган учурлар кездешет, анткени ал барар жери, аны уга турган киши калбай калгандай, зордук-зомбулукчул күйөөсүнөн кетсе жанын багалбай калчудай акыбалда болот.

Автократиялык режимде жашаган элдерде да ошондой сезим терең калыптанат. Баарын түшүнүп турса да ар тарабы кулпуланып калгандай акыбалда болот.

Автократиялык режимди көрүп, ошондой бийлик астында жашаган аялдар, эркектер да аң-сезими торго түшкөндөй чырмалып, эркин ойлонуп, чечимдерди эркин кабыл алуу касиетин жоготот.

Өкүмзордук орногон мамлекет менен үй-бүлө көп жагынан окшош, жабыр тарткандар - алардагы эң аярлуу катмар, бийликке үнү, колу жетпегендер жана аялдар менен балдар.

"Түндө атып салам деп коркуткан". Жардам сураган кыз-келин кайда барат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:36 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG