Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

"Кызым күйөөсүнөн катуу коркуп калыптыр". Токмокто аялын сабаган эркек камалды

Күйөөсүнүн ур-токмогунан запкы жеп жашап келаткан Каныш төрт баланын энеси.
Күйөөсүнүн ур-токмогунан запкы жеп жашап келаткан Каныш төрт баланын энеси.

Токмок шаарынын прокуратурасынын чечими менен аялын сабаган деген негизде жергиликтүү тургун үч суткага камалганы белгилүү болду. Ага чейин 27 жаштагы кош бойлуу келиндин катуу токмок жегенден кийинки сүрөттөрү тараган. Келиндин ата-энеси Тажикстанда жашаган этностук кыргыздар.

Кызынын абалын уккан ата-энеси атайын Тажикстандан келген. Алар күйөө баласы "ажыраштырсаңар балдарды алып кетүүгө уруксат бербейм" деп коркутканын айтып, атайын органдардан бул маселени чечип берүүнү өтүнүштү.

Зомбулукка кабылган Каныш 2018-жылы турмушка чыккан экен. Учурда төрт баланын энеси. Жакындарынын айтымында, дагы боюнда бар. Мындан он күндөй мурда келинди кош бойлуу экенине карабай күйөөсү сабаган. Социалдык медиага тараган сүрөттөрдөн келиндин денеси катуу жанчылганын көрүүгө болот.

Үй-бүлө чырынан кийин келинди алып кетүү үчүн төркүндөрү барган. Бирок Каныш "балдарымды таштап кете албайм" деп болбой койгон.

Келиндин ата-энеси Тажикстандын этностук кыргыздар жашаган Вахш (Жергетал - ред.) аймагында турат. Кызынын абалын уккандан кийин алар ат арытып Кыргызстанга келүүгө аргасыз болушту.

Каныштын атасы Нуридин Адилов күйөө баласы кызына буга чейин да кол көтөрүп жүргөнүн айтууда.

"Күйөө балабыз дагы биздин айылдан. Эс тартканда энеси менен Кыргызстанга көчүп кеткен. Кызыбыз аны менен Оштогу медициналык окуу жайда окуп жүргөндө таанышып, турмушка чыккан. Күйөө бала мурда үч жолу үйлөнүп, ажырашкан экен, Каныш төртүнчү аялы. Биз алыста болгондуктан "тийбе" деп жолун торой алган эмеспиз. Экөө баш кошкондо баланын атасы үйгө ачуу басарга барган. Өзү бир жылдан кийин жалгыз барып, көрүнүп кеткен. Андан кийин карантин башталды, чек ара жабылды. Телефон менен сүйлөшүп турдук. Былтыр чек ара ачылганда экөө жетелешип барган. Буга чейин ургандарын угуп жүргөн элек. Кызымды алып калайын деп, балдарын кыйбай жибергем. Күйөө бала кечирим сурап, экинчи кол көтөрбөйм деп убада берген эле. Жыл айланбай эле сабаптыр".

Күйөөсүнөн зомбулук көргөн келин
Күйөөсүнөн зомбулук көргөн келин

Каныш эгер таяк жегенден кийин коңшусунун үйүнө качып барбаса, балким жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, дарбаза артындагы зомбулук улана бермек.

Нуридин күйөө баласы кызын жакындарына көп жолотпой, катуу коркутуп койгонун байкаган:

"Телефон карматчу эмес экен. Кызым бизге чалганда ал-абал сурап, бат эле кое салчу. Көрсө күйөөсү жанында тыңшап турчу экен да. Кечээ таяк жегенин уккандан кийин эки милиция кызматкерин ээрчитип барып, жек-жаатты чогултуп сүйлөштүк. Кызым жалтак болуп калыптыр. Өзүнүн оюн айткандан тартынып, "жашайм, балдарымды томсортпойм" деп туруп алды. Күйөөсү жүрөгүнүн үшүн алып койгону көрүнүп турат. Күйөө бала өзү "Ажыраштырсаңар балдарымды чек арадан алып чыгууга уруксат бербейм" деди. Ошон үчүн кызымдын өзүн куткарып, балдарын атасына калтырсакпы деп да ойлонуп жатабыз. Кызым ага макул болбой жатпайбы. Ажырашса, Кыргызстандын расмий органдары уруксат берсе, кызды балдары менен Тажикстанга алып кетет элек. Эгер балдарын алып кетүүгө уруксат бербесе, кызга бул жактан үй табат элек. Өлтүрүп койгончо, кулак-мээси тынч, өзүнчө жашасын".

Каныштын атасы Тажикстандын жараны болгондуктан кимге кайрылууну билбей, аргасы куруп турганын жашырган эмес.

Келиндин жакындары 22-июлда бир катар медиа каражаттарына чыгып, милиция жабырлануучудан арыз түшпөгөнү үчүн иш козгобой жатканын айтышкан.

Бирок макала жарыяланардын алдында Каныштын таякеси Акбарали Абжапаров коомчулуктун реакциясынан кийин шектүү үч күнгө камакка алынганын билдирди.

"Бүгүн (23-июль) прокуратурага бардык. Прокурор Руслан Тургунбаев өзү кабыл алды. Тергөөчүлөргө тапшырма бериптир, күйөө бала үч күнгө камакка алынды. Кызыбызды балдары менен ата-энесине өткөрүп беришти. Азыр үйгө алып келдик. Ушул маселеге көңүл бурган журналисттерге рахмат. Эми Канышты ата-энеси Тажикстанга алып кетели десе, балдардын атасынын уруксаты керек экен. Аны бербейт окшойт. Ошону чечүүгө мамлекеттен жардам сурайбыз. Бул жакта калтырса, күйөөсү артынан сая түшүп алып кетип, мурдагыдан да катуу урат деп чочулап жатабыз".

"Аялдар мыйзам коргогон укугун билбей жатат"

“Сезим” кризистик борборунун юристи Клара Сооронкулова “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, жабырлануучу өзү кайрылбаса да, милицияга анын жакындары же тааныштары арыз жазса болорун белгилейт.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Жабырлануучу өзү болбосо, тууганы, ата-энеси же таанышы деле жазса болот. Милиция ошону кабыл алып, чара көрүшү керек. Тилекке каршы, бул мыйзамды көпчүлүк жакшы билбейт. Жоопкерчилик "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинде жана “Жазык кодексинде” да каралган. Эгер ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген болсо, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кол көтөргөн адам соттолуп да кетет. Укук бузуулар кодексинде аны 7 суткадан 14 суткага чейин камоо да каралган. Адам чыдагыс абалга кабылган аял сотко кайрылып, зомбулук көрсөткөн адамды алты айга чейин үйдөн чыгарып жиберсе да болот. Зомбулук бул кол көтөрүү эле эмес. “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамда анын бир канча түрү көрсөтүлгөн. Психологиялык басым кылса, акча бербесе ал дагы зомбулукка кирет. Ошону биздин кыз-келиндер жакшы билбей жатат. Эң башкысы - бул аялдын чечими. Таяк жегенине карабай, “жашайм, кетпейм” десе, ага милиция дагы, башкасы дагы жардам бере албайт. Андай учурда жабырлануучу менен психологдор иштеш керек”.

2025-жылдын октябрында "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол коюлган. Ага ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамга бир катар жазалар каралган.

Бирок коомчулукта үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир эле укук коргоо органдары эмес, башка мекемелер дагы чара көрүшү керек деген ой айтылып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова бул окуядан кийин Фейсбук баракчасына өкмөттүн алдында атайын Аялдар Кеңешин түзүү керек деген пикирин калтырды.

“Аялдарга болгон зомбулук барган сайын чектен чыгып баратат... Аял, эне, баланы коргоо, тарбия, этнопедагогиканы, улуттук насилде балдарды ар бир үйдө калыптандыруу маселелеринде чечкиндүү кадам керек, болбосо кыздардын көбү чет жакага күйөөгө чыгып кетүү коркунучу жаралды... Ажырашуулар ошончо... Чыдап, балдардын психикасы бузулуп, бактысыз чөйрөдө жашап жаткандар ошончо... Парламентте үй-бүлө институтун чыңдоо, үй- бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн Министрлер Кабинетинин алдында Аялдар Кеңешин түзүү сунушун бердим эле. Айлык акысы каралып, ар бир жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында штат ачылса даректүү, ыкчам алдын алуу, тарбия иштери системалуу жүрмөк”, - деген Аманова.

"Зомбулукту жашырып, чыдабаш керек"

Кыргызстанда Канышка окшоп үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын төркүнөн же коомчулуктан жашырып, кызыл камчы күйөөсүнөн кете албай жашаган аялдар жок эмес. Алардын басымга кабылганы көп учурда өлүп же майып болгондо ачыкка чыгат.

10-июлда Кербен шаарына караган Ак-Дөбө айылында Айчүрөк Өмүралиева аттуу келин табышмактуу жагдайда каза тапкан. Маркумдун кайын-журту келин асынып алганын айтышса, төркүндөрү кызы тирүүсүндө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын билдиришкен.

Психолог Жакшылык Жыргалбеков аялдын зомбулукка чыдап жашаганы өзү эле эмес, анын балдарына дагы терс таасир этерин белгилейт.

Жакшылык Жыргалбеков
Жакшылык Жыргалбеков

“Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамда кайсы бир деңгээлде көз карандылык пайда болот. “Зордукчул-курмандык” байланышы кээде үзүлбөй, жылдап улана берет. Бул эми ар кандай себептерге байланыштуу болушу мүмкүн. Кээде “зордукчул” курмандыгын катуу коркутуп, баш ийдирип алат. Катуу корккон адам ойлоно албайт, чечим кабыл ала албайт. Анан ажырашсам өз алдымча жашап кете аламбы деген чочулоо дагы болушу мүмкүн. Балдарым атасыз калат, чыдашым керек деп кетпегендер да бар. Психологияда үйдөгү зордук-зомбулукту көрүп чоңойгон балдардын айрымдары кийин аны кайталары белгилүү. Айрымдары кийин жеке жашоосун кура албайт же зомбулукту боло берчү көрүнүш катары кабылдап калат. Алар мектепте, чоңойо баштаганда башкаларга чоңсунушу мүмкүн. Байкасаңыз, ата-энеси ичкен балдар кийин өзү да ичет же аны жерип, таптакыр жолобойт. Атасы апасын урган кыздар кийин түпкү туюму менен атасындай эркекти тандашы мүмкүн. Же зордук-зомбулук менен кошо эркектерди да жектеп, ишенбей калышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да зомбулук баланын психологиясына так салбай койбойт”.

Кыргызстанда 2025-жылдын он айында эле 18 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Анын негизинде 2090 адам камакка алынып, жоопкерчиликке тартылган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 27 пайызга көп. Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук фактылары жылдан жылга көбөйүүдө.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG