Бишкектик тургун жубайынын арыздануусунан кийин үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) маалымдады.
Ага ылайык, 13-июнда Биринчи май райондук милициясына Ш. А. аттуу келин кайрылып, күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Анын сөзүнө караганда, күйөөсү мас абалында үйүндө чатак чыгарып, тынчын алган.
Факт боюнча 56 жаштагы Т. Р. аттуу жаран кармалып, Бузуулар кодексинин 70-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") боюнча убактылуу камакка алынган.
Чогулган материалдар райондук соттун кароосуна жиберилген.
Милиция ошондой эле шектүү мас абалында унаасын өрттөп жибергени белгилүү болгонун, бирок жубайы бул факты боюнча арыздануудан баш тартканын, ошентсе да бул маалымат катталып, текшерүү жүрүп жатканын кошумчалады.
Анын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.
Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлгөн. (ZKo)
Шерине