Ош шаарында балдары менен аялын сабоого шектелген ата милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 24-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
23-июлда социалдык тармактарда Адилет Мекан (mekanov_adilet) аттуу колдонуучу Instagram баракчасына Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймагынын Орке айылында катталды делген үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу видео жарыялаган. Тасмада ата-энеси балдарын урушуп, уруп сабап жатканы тартылган. Аял өзүн тасмага тартып күйөөсүнөн ур-токмок жегенден кийинки көгөргөн жерлерин көрсөткөн.
Милициядан такташкандай, аталган факты ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодо көрсөтүлгөн жарандар Ош шаарынын тургундары: 1990-жылы туулган Т. Ж., анын жубайы 1996-жылы туулган Д. А. жана алардын 2020-жылы туулган уулу М. У. экендиги аныкталган.
Социалдык тармакка жарыяланган видеодо чагылдырылган окуя 2023-жылдын 22-декабрында тартылгандыгы такталган.
Тергөө маалында жубайлар учурда бирге жашабай тургандыгы аныкталып, жубайы А.Д. милицияга арыз жазуудан баш тарткан.
“Ошого карабастан үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу бардык жагдайларды ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо максатында Ж.Т. аттуу жаранга карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда”, – деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2024-жылы адам өлтүрүү фактылары боюнча 155 кылмыш иши козголгон, алардын 33үндө жабыркагандар аялдар болгон. 2025-жылы мындай иштердин саны 158ге жетип, анын ичинен 37 иш аялдарга каршы жасалган кылмыштар экени көрсөтүлгөн. (ErN)
Шерине