Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган алгачкы 15 адамга электрондук билерик тагылды


Электрондук билерик. Юстиция министрлиги тараткан сүрөт.
Электрондук билерик. Юстиция министрлиги тараткан сүрөт.

Январь айында үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган адамдарга күчөтүлгөн коргоо ордери колдонулуп, алгачкы 15 адамга электрондук билерик жана мобилдик көзөмөл каражаттары колдонулду. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов кабарлады.

Анда айтылгандай, жубайына кордук көрсөткөн кишилерге мындай чара колдонуу чечимин Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды. Алар 20 күндөн 3 айга чейин GPS трекинг жана Face ID менен жүрөт. Тиешелүү органдардын кызматкерлери айыпталгандарды ошол аркылуу көзөмөлдөп турушат.

Келерки апталардан тартып бул чараны Бишкектин башка райондорунда жана өлкөнүн бардык аймактарында жайылтуу аракеттери уланат.

2025-жылдын февраль айында кабыл алынган мыйзамга ылайык, ошол эле жылдын май айында Пробация департаменти Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары “Электрондук байкоо” пилоттук долбоорун ишке киргизген. Электрондук билерикти биринчи жолу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү башка кылмыштарга шектүүлөргө колдонушкан.

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын октябрында кол койгон "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамга камактын мөөнөтү 7 суткадан 14 суткага чейин көбөйтүлгөн. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук бузган адамга сот үч айга чейинки мөөнөткө дайындалуучу электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү киргизе алат. Муну үчүн ага электрондук билерик тагылат.

Электрондук билерик анча оор эмес кылмыштарга шек саналгандарга колдонулат. Эгерде сот адамды актаса мыйзамсыз кармоонун кесепеттери, убактылуу кармоочу жайлардын түйшүгү азая турганы айтылган.

Юстиция министрлиги электрондук билериктер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө натыйжалуу болорун кабарлаган. Мындай билерик тагылган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир аймактарга баруусу чектелет.

Юстиция министри Аяз Баетов буга чейин ар бир билериктин баасы миң долларга жакын болорун, мамлекет миңдеген шектүүнү абакта бир нече айлап кармоого ансыз да көп акча коротуп жатканын айткан.

Шектүүнүн эркиндигин убактылуу чектөө укугу тергөөчү, прокурор, тергөө судьясына берилген. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG