Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Айыпталуучуларга биринчи жолу электрондук билерик колдонуу бөгөт чарасы тандалды


Юстиция министрлиги тараткан сүрөт.
Юстиция министрлиги тараткан сүрөт.

Октябрь жана Биринчи май райондук сотторунун чечими менен бир нече айыпталуучунун бөгөт чарасы электрондук билерик тагууга өзгөртүлүп, Бишкектин №1 тергөө абагынан чыгарылды. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Соттор айыпталуучулардын бөгөт чарасын кароодо алгачкы жолу электрондук билерик тагып көзөмөлдөө чечимин кабыл алышты. Мекеме тергөө абагынан канча шектүү бошотулганын жана кимдер экенин тактаган жок. Алар Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкы тергөө башкармалыгы тергеп жаткан кылмыш иштин алкагында камалышкан.

Пробация департаменти жана УКМКнын кызматкерлери айыпталуучуларга билерикти колдонуунун эрежелерин, аппаратты бузуунун, жабдууларды жок кылуунун кесепеттерин түшүндүрүштү.

Февраль айында кылмышка шектүү адамдын бөгөт чарасы катары ага электрондук билерик тагып коюу ыкмасын колдонууну киргизген “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы күчүнө кирген.

Май айында Пробация департаменти Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары “Электрондук байкоо” пилоттук долбоорун ишке киргизген. Электрондук билерикти биринчи жолу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү кылмышка шектүүгө колдонгон.

Электрондук билерик анча оор эмес кылмыштарга шек саналгандарга колдонулат. Эгерде сот адамды актаса мыйзамсыз кармоонун кесепеттери, убактылуу кармоочу жайлардын түйшүгү азая турганы айтылган.

Юстиция министрлиги электрондук билериктер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө натыйжалуу болорун кабарлаган. Мындай билерик тагылган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир аймактарга баруусун чектейт.

Юстиция министри Аяз Баетов буга чейин ар бир билериктин баасы миң долларга жакын болорун, мамлекет миңдеген шектүүнү абакта бир нече айлап кармоого ансыз да көп акча коротуп жатканын айткан.

Шектүүнүн убактылуу эркиндигин чектөө укугу тергөөчү, прокурор, тергөө судьясына берилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG