Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Москвада Украинадагы согуштун катышуучуларын түшүрүп салган кыргызстандык айдоочуга иш козголду


Москвадагы такси
Москвадагы такси

Орусиянын Тергөө комитети Москвада Украинадагы согушка катышкан үч кишини машинасынан түшүрүп салган таксинин айдоочусуна каршы иш козгоду. Ал жек көрүүнү, кастыкты козутуу, адамдын ар-намысын кемсинтүү үчүн айыпталууда. Бийликчил Regnum агенттиги анын айдоочулук күбөлүгүн жарыялады. Маалыматка караганда, ал - Кыргызстандын жараны.

Айдоочу агенттиктин суроолоруна жооп берип, мас болгон жүргүнчүлөр ага орой мамиле кылганын, андан кийин төлөмдүн формасын өзгөртүшкөнүн айтып берди. Латипов алар төлөбөй качып кетишет деп коркконунан башка такси чакырып алышсын деп машинасын токтотконун кошумчалады. Айдоочунун айтымында, жүргүнчүлөрдүн бири аны ургулап, түрткөн. Экинчиси “бул жерде биз буйрук беребиз, сенин ишиң бизди жеткирүү” деп айткан.

Жаңжал учурунда алар “Крокус Ситидеги” терактты да эске салышты.

“Биз согушуп жүргөндө башкалар келип, акча таап жана бейкүнөө кишилерди өлтүрүп жатышат деп айтышты”, - деп баяндап берди окуяны Латипов.

Ал тиги үчөө жакын жердеги “чакан токойго” алып кетүүгө аракеттенишкенин, ал жардам сурап жолго чуркаганда эч ким токтобогонун, башка такси айдоочулары келишкенин кошумчалады. Латиповдун айтымында, ал полицияга телефон чалып, бирок кийин тартип коргоочуларды чакыруудан баш тарткан.

Ал иштеген таксопарактын ээси айдоочу менен эмгек келишимин үздү. Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин иликтөөнүн жүрүшү жана иштин жагдайлары тууралуу ага маалымдап туруу тапшырмасын берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG