Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:03

Зулушевдин ордун Асаналиев басты. Эмне өзгөрөт?


Жаңы дайындалган башкы прокурор Максат Асаналиев жана мурдагы прокуров Курманкул Зулушев. (коллаж)
Жаңы дайындалган башкы прокурор Максат Асаналиев жана мурдагы прокуров Курманкул Зулушев. (коллаж)

Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевдин башкы прокурор кызматын өз эрки менен тапшыруу арызына макулдук берип, анын ордуна Максат Асаналиевдин талапкерлигин колдоду.

Мунун алдында президент Садыр Жапаровдун колу коюлган, парламенттен Асаналиевдин талапкерлигине макулдук сурап кайрылган кат интернетте тарап кеткен. Атайын кызматта жана прокуратурада негизинен тергөө жаатында иштеген Асаналиев тууралуу маалымат дээрлик жок.

Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын эч кандай талкуусуз, суроосуз канааттандырды. Тармактык комитет кезексиз жыйынга чогулуп, анын ордуна Максат Асаналиевди дайындоо тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушуна макулдук берди.

Асаналиев парламентте талапкерлиги каралып, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Зулушев баштаган ишти улантарын айтты. Ошол эле маалда айрым бир маселелер тууралуу өз пикирин билдирди. Мисалы, прокуратура органдарынан тергөөнүн алынышы туура эмес болгонун, ишке киришкенде айрым кызматкерлерди тазалай турганын айтты:

"Ишти жакшыртууга байланыштуу көп көйгөйлөр бар. Мен прокуратуранын кызматкери катары аларды ичинен билем. Эң биринчиси - бул жарандардын кайрылуулары. Бул кайрылуулар түздөн түз тергөөнүн сапатына байланыштуу. Эң негизгиси прокуратура системасындагы кызматкерлер компетенттүү болушу керек. Андан сырткары айрым кызматкерлер, коррупцияга байланыштуу маселелер, көрүнүштөр бар. Биз тазаланышыбыз керек. Жаңы кодекстер кабыл алынганга тергөө функциясы прокуратурага толугу менен берилген. Анан ал алымча-кошумчадан кийин Аскердик прокуратурада гана тергөө функциясы калды. Прокуратурада тергөө функциясынын болгону жакшы болмок. Себеби, тергөө органдарына көзөмөл жүргүзүү үчүн ошол эле ошол эле прокурор тергөө мектебинен өтүшү керек. Азыр үч эле органда - ИИМ, УКМК, жана Жаза аткаруу кызматында гана тергөө калды. Мурде жети-сегиз орган жүргүзүп, ошондо деле тергөөчүлөр жетишчү эмес. Прокурорлор өсүшү үчүн тергөө мектеби керек болуп турат".

Президент Садыр Жапаров былтыр 26-июлда прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугун алып, аны Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) берүү мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, прокуратура органдары буга чейин тергеп жаткан иштер ИИМ менен УКМКга өткөрүп берилген.

Максат Асаналиев ким?

Коомчулуктун калың катмарына дээрлик белгисиз, 46 жаштагы Максат Асаналиев өзү эмгек жолунун көп бөлүгүн атайын кызмат менен прокуратурада тергөө жаатында басып өткөнү белгилүү болду.

Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2001-жылы Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) тергөөчү болуудан баштаган жана 2010-жылга чейин улук тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген. 2010-жылы Башкы прокуратурага өткөн да, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп 2018-жылга чейин иштеген.

Асаналиев 2018-2019-жылдары Бишкектеги Биринчи май районунун прокурору болгон. 2021-2022-жылдары Башкы прокуратурага кайра келип, майда жетекчилик кызматтарда турган. Ош облусунун прокурору болуп 2022-жылдын май айынан ушул кезге чейин иштеп турган. Садыр Жапаров ошол жылы аны "Даңк" медалы менен сыйлаган.

Депутат Эмил Токтошев парламентте Асаналиевге кайрылып жатып, мыйзамдуулукту сактоо маселелерине көңүл бурду. Ал өз пикирин айткан активисттердин, кесиптик ишин аткарган журналисттердин камалышы прокуратура органдарына болгон ишенимди азайтканын белгиледи:

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

"Акыркы күндөрү Кыргызстанда кылмыштуулук, мыйзам бузуулар, тилекке каршы, көбөйүп жатат. Статистика өзгөргөн жок. Зордук-зомбулук токтобой, жаш балдар кордолуп жатат. Андан сырткары адамдар социалдык тармактарда лайк басканы үчүн, комментарий жазганы үчүн камалып жатат. Активисттер, журналисттер камалып жатат. Ушунун баары прокуратура органдарына ишенимди кетирген. Мына башкы прокуратура кызматына баратасыз, сизден эл үмүт этип жатат, жаңы башкы прокурор келгенде бир аз өзгөрүү болобу, Баш мыйзам, мыйзамдуулук сакталабы деп карап турат. Милицияны да караган, УКМКны караган, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылган бир дагы мындан башка орган жок. Ишиңизди саясатташтырбай, мыйзамды так аткарууга өзүңүз эле эмес, кызматкерлериңиз дагы милдет алышы керек".

Асаналиев депутаттын сунушуна "Сиздер менен биргеликте иш алып барсак, эң негизги баалуулук болгон адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишти алдыга жылдырабыз” деп жооп берди.

Депутат Жалолидин Нурбаев Асаналиевдин Ош облусунун прокурору болуп тургандагы ишине оң баасын берди:

"Укканыма караганда, жакшы иштеп жатат. Ал Ош облусунда прокурор болуп 2022-жылы барган. Мен Араван округунан шайланып келген депутат болгонум үчүн эл менен, жетекчилер менен тыгыз иштешип жүрөм. Көбү аны оң жагынан сыпаттап баа берди. Жөнөкөйлүгүнө, мыйзамдын сакталышын талап кылганына, аткарылышын көзөмөлдөгөнүнө мен аябай ынандым. Эми ишин республикалык деңгээлде алып кете алат деген ойдомун".

Зулушевдин арызы

Жогорку Кеңеш 5-июнда баш прокурор кызматына талапкер тууралуу президенттин сунушун караганга чейин Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү боюнча арызын канааттандырды.

Анын кызматтан кетүү тууралуу арызына депутаттардын ичинен Акбөкөн Таштанбеков гана каршы добуш берди. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

Акбөкөн Таштанбеков.
Акбөкөн Таштанбеков.

"Мен Зулушевди сөзүнө турган адам катары билем. Ал экөөбүз дебатка чыкканда "мен бийликке келсем, сени каматам" деп айтты эле. Ал депутаттарды камаганды менден баштаган. Мен ошон үчүн анын кетишине каршы добуш бердим, ордунда калсын дедим. Ал киши сөзүнө турду, мени камады. Прокуратурада, милицияда жана сотто иштегендерге баа берүү кыйын. Азыр түрмөдө отургандардын 90% күнөөм жок деп эсептейт. Курманкул Зулушевдин эмнеге кызматтан кеткен себебин, балким, биз кийинчерээк билербиз. Өзү кеткенден кийин, демек, анын себеби болду".

Зулушевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна прокуратура системасынын ичинен талапкерлерди карап жатканын айткан.

Депутат Исхак Масалиев Зулушев тууралуу пикирин билдирип жатып, анын кызматтан кетиши президент Садыр Жапаровдун апрель айында сөгүш бергенине да байланыштуу болушу мүмкүндүгүн айтты. Мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөөдө кемчиликтерди кетиргенине токтолду:

"Мынчалык көп мөөнөткө иштеген прокурорлор аз. Зулушевдин башка дагы ким бул кызматта узакка иштегени эсимде жок. Бул системада төрт жылдай иштеди, өз эрки менен кеткен себеби дагы бир жагынан түшүнүктүү. Айрыкча укук системасында бизде кыйын абал болуп калды. Көптөгөн кызыктай жагдайлар, башаламандык болуп жатат. Балким, ошондон улам кетип калгандыр. Апрель айында ага президент сөгүш дагы берген, балким, ушул нерсе себеп болгондур. Мындай көрүнүш буга чейин болгон эмес. Сөгүш берүү деген сен иштеген жериңе толук дал келбейсиң деген белги да. Өз ыктыяры менен кеткенден кийин бул жерде талкуунун деле кереги жок. Анын ишмердиги кийин текшерилип, баа берилет. Башкы прокурор көптөгөн иштерге көзөмөл кыла албай койду. Айрыкча саясий куугунтукка байланышкан кылмыш иштерине, сотторго баа берген эмес. Соттордун чечими жок бир дагы адам күнөөлүү деп айтылбайт. Ушундай учурларда башкы прокурор тизгинди тартып турса жакшы болмок. Башкы прокурорлукка көрсөтүлгөн талапкер тууралуу президенттин каты интернетке чыгып кетиши кызыктай болуп турат. Анын кандай адис экени эми иштегенден кийин билинет да".

Апрель айында Курманкул Зулушевге президент Жапаров сөгүш берген. Анын себеби кенге лицензия берген комиссиянын ишине айрым прокуратура кызматкерлери кийлигишип жатканы аныкталганына байланыштуу экени айтылган.

Бул чечимге Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин каты негиз болгону жазылган. Кеп кайсы кен тууралуу сөз болгону белгисиз жана Зулушевдин отставкасы дагы бул ишке байланышы бар же жогу тактала элек. Курманкул Зулушев өзү отставкасы тууралуу комментарий бере элек.

Ал ортодо социалдык тармактарда Зулушевди Башкы прокуратуранын имаратынан жоон топ адам узатып жатканы тартылган сүрөт тарады жана ал фотошоп болушу ыктымал деп айткандар да болду.

Зулушевдин Башкы прокуратурага чыйыры

Курманкул Зулушев башкы прокурор кезинде коомчулуктан эсинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен пикир келишпестигинен улам да эсте калды. Ал 2022-жылы Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, ишин кайра уланткан. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон иштин баары токтотулган.

54 жаштагы Зулушев коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда таанылган. Ошол жылы жайында ал төрагалык кылган, үч судьядан турган коллегия Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты - Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду оор беренелер менен козголгон кылмыш ишинде актаган. Мындан көп өтпөй эле алар куугунтук, коркутуу башталганын айтып чыккан.

Кийинчерээк Соттор кеңеши "судьялар Зулушев менен Сатиев депутаттардын ишин карап жатканда мыйзам бузууга жол берген" деген бүтүм чыгарган жана аларды мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу сунушту ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге жөнөткөн да, натыйжада экөөнү тең иштен алган.


Зулушев менен Сатиев экөө тең 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмесине менен барган. Экөө тең бул партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин квотасы менен кошулган. Анткен менен Зулушев "жетиштүү добуш алган эмес" деп "Республика - Ата Журт" партиясы тизмеден чыгарган алты талапкердин бири болгон. БШК аларды тизмеден чыгаруу жөнүндө сунушту колдогон. Талапкерлер Жогорку Сотко чейин арызданып, бул чечимди жокко чыгартышкан.

Башында Зулушев көп сүйлөбөгөн депутаттардын бири болгон. Кийин ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковду, анын өкмөтүн катуу сындап, иштен кетишин ачык талап кылган эл өкүлүнө айланган. Алмазбек Атамбаев экс-президент кезинде буга байланыштуу Зулушевди сындап, анын артында "Райым миллион" деген ылакап ат менен таанылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өңдүү адамдар турат деген оюн билдирген.

Зулушев Атамбаевдин дооматтарын четке каккан жана көп өтпөй экс-президенттердин ыйгарым укуктарын кыйла азайтууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштап чыккан. 2020-жылы апрель айында өлкөдө башкаруу формасын аныктоого байланыштуу мыйзам долбоорунун негизги автору болгон. Ошол эле жылы октябрдагы тополоңдон кийин бийлик алмашканда, ал Башкы прокуратураны жетектей баштаган.

XS
SM
MD
LG