Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:12

Атазов баш прокурорду сындады, Осмонов мандатын тапшырды


Депутат Шайлообек Атазов парламентте билдирүү жасап, мандатын алуу аракетине башкы прокурор Курманкул Зулушевди айыптады. Ал спикер Шакиевди да сындады. Ушул эле күнү дагы бир депутат Айбек Осмонов мандатын тапшырды. 

Атазов 13-мартта Жогорку Кеңештин сессиясында сөз сүйлөп, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетишин талап кылды. Мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланышына токтолуп, аны менен өлкөдөгү көпчүлүк саясатчылардын алака-катышы болгонун айтып чыкты.

Шайлообек Атазов Түркияда 15 күн дарыланып келгенин, бул аралыкта Бишкектин Свердлов райондук административдик соту аны депутаттык мандаттан ажыраткан чечим чыгарып койгонун белгиледи.

“Мен дайыма мамлекеттин саясатын, бардык мыйзамдарды колдоп келдим. Конституцияны колдодум, Кумтөрдү колдодум, желекти колдодум, Кемпир-Абадды колдодум, бүт баарын колдодум. Силерге барганда айтасыңар, “президентти колдо”, “Ташиевди колдо” деп. Мына, колдодум силер айтканды, жыйынтыгы ушундай болуп жатат. Бүгүн Орозодо силерден кечирим сурап коёюн. Өзүмдү төрөгөн апам, бир туугандарым “балам, казинону колдобо” дегенине карабай, мамлекеттин экономикасы, президенттин саясаты, мамлекеттин өнүгүшү үчүн деп колдодум эле. Мен туура эмес кылган экем, кечирип койгула!”

Атазов өзүн фейктер аркылуу каралоо катуу жүрүп, Жогорку Кеңеш акыйкатсыз болуп жатканын кошумчалады. Бажы комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен спортту колдоо максатында байланышканын айтып, башкы прокурор Курманкул Зулушевди айыптады:

"Ушул мандатты алууга эки жылдан бери артыман кууп жүрүп башкы прокурор максатына жетти. Матраимовго байланышы бар деп жатасыңар. Матраимов менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Эң чоң байланышы бар эки чоң китти айтып коёюн, башка майда балыктарды айтпай эле коёюн. Мына, башкы прокурор Зулушев, сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө "Райым досум келгиче жебей тургула" дебедиңиз беле. Сиз, Зулушев, үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, ал киши чоң кылмышкер болсо көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда кармап албайт белеңиз. Мына, Башкы прокуратурада 700 миң долларды сейфтен алып, казинодо ойноп отурушат. Ошол үчүн дагы моралдык акыңыз жок болчу башкы прокурор болуп отурганга. Кыргыз эли Жапаровду президент кылып шайлаган, канча президент бар өзү? Жапаров президентпи же Зулушевби? Сиз кетиңиз биринчи, артыңыздан мен кетпесем жигит эмесмин".

Курманкул Зулушевдин өзү азырынча Шайлообек Атазовдун билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Айжан Жайнакова да "Азырынча биз комментарий бере албайбыз" деген жооп узатты.

"Коргоп бербейсизби бизди?!"

Шайлообек Атазов спикерди сындап, депутаттардын биринен сала экинчиси мандатын тапшырып жатышын бийликтин басымы менен байланыштырды.

“Урматтуу эл өкүлдөрү, биз бири-бирибизди колдобосок, биздин башыбызга түшкөн кезек эртең кимиңдин башыңда турат? Урматтуу төрага, сиз буга чейин өтө жакшы иштерди жасадыңыз. Бирок, сизди парламент төрагасы кылып жатканда (депутаттарды) ушулардан коргосун, президент менен урматтуу Ташиевге алдырбастан сактасын деп шайлашты эле го. Коргоп бербейсизби бизди?! Ташиевге кириш үчүн Шакиевдин кезегинде турабыз. “Мына, сүйлөй берди эле, генералга айтып коркутуп койдум” дейт. Бул эмне деген нерсе? Биз бул жерде парламенттин эркиндиги деп атабыз. Парламент президенттик аппараттын нотариусу болуп калбашы керек да. Ким сүйлөсө эле алып барып камай берген туура эмес!”

Төрага Нурланбек Шакиев Шайлообек Атазовго өзү бир нече ирет жардам бергенин айтып, Жогорку Кеңеште сөз эркиндиги бар деген жооп узатты:

“Колуман келишинче сиз кайрылган кезде маселелерди чечип жүрдүм. Айта турган жерде айтып келдим. Ушундай маселелер чыккандан бери сиздин ишиңизге кайдыгер караган жокмун. Сизди колдоп келдим. Аны аябай жакшы билесиз, муну коомчулук да билиши керек. Экинчиден, депутаттарга каршы иш козголсо ал мыйзам чегинде козголот, эгер ал мыйзамсыз болсо биз мыйзамсыздыкка каршы күрөшөбүз.”

Депутаттык комиссия түзүү сунушу

Шайлообек Атазовдун сөзүнөн кийин депутат Чыңгыз Айдарбеков бийликтин бир бутагы делген парламенттеги түзүлгөн акыркы жагдай боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады:

Чыңгыз Айдарбеков
Чыңгыз Айдарбеков

“90 депутаттан 13 депутат кетти. Биз бул мыйзамсыз экенин дайыма айтып жатабыз. Биздин укуктарды тебелеп-тепсеп атышат. Мындай болбош керек. Парламент – бийликтин башка бир бутагы. Элдин шайланып келген өкүлдөрү. Элдин үнү ушул жерде айтылат. Сиз төрага катары реакция кылышыңыз керек! Добушка коюңуз”.

Спикер депутаттарга мыйзамсыз иш козголсо күрөшө турганын” айтып, комиссия түзүү үчүн тиешелүү комитетте маселе каралып, кагаз жүзүндө сунуш берилиши керек экенин билдирди.

Буга чейин жасалма диплом ишине, козголгон кылмыш иштерине байланыштуу жана өздөрү жазган арыздын негизинде VII чакырылышка шайланып келген Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров жана Эмил Жамгырчиев сыяктуу депутататтар мандаттарынан ажыраган.

“Ата Журт -Кыргызстан” партиясынын депутат болгон Бакыт Төрөбаев 2022-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалып, мандатын тапшырган.

Андан тышкары дагы бир депутат Адахан Мадумаров өткөн жылдын сентябрынан бери УКМКнын абагында бир нече берене менен айыпталып, кармалууда. Азыркы тапта анын үстүнөн сот жүрүп жатат.

Коомдо Атазовдун мандатынын алынышы тууралуу пикир бир кылка эмес. Жарандык активист Азият Жекшеев саясатчылар эл алдындагы жоопкерчилигин дайыма сезиши керек деп эсептейт.

“Шайлообек Атазов өзү да моралдык жоопкерчилигин сезиши керек. Кыргызстанда саясатчылар өзүнө тиешелүү маселеге келгенде эле куугунтук болгонун айтып чыгышат. Жогорку Кеңештеги депутаттардын 90% элдин атынан сүйлөөгө моралдык укугу жок. Анткени алар да убагында ар кайсы саясатчылардын кара ниет ойлорун колдоп жүргөндөр. Ошондуктан ар бир депутат эртең Шайлообек Атазовдун абалына түшүп каларын түшүнүшү керек. Бийлик колдоп турганда маанилүү адам болушуң мүмкүн, бирок эртең бийликке керегиң жок болуп калганда мандатыңды тапшырганга аргасыз болуп же соттолуп да кетишиң мүмкүн”.

Шайлообек Атазов Райымбек Матраимовду коргоо акциясына чыккан учур. 19-февраль, 2021-жыл.
Шайлообек Атазов Райымбек Матраимовду коргоо акциясына чыккан учур. 19-февраль, 2021-жыл.

46 жаштагы Шайлообек Атазов Бишкектин Свердлов округунан депутаттыкка шайланган. Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, сегиз ай иштеген. Ал спортчу катары таанымал жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун активдүү колдоочусу катары белгилүү болчу. Атазов Матраимовду колдогон бир нече акциялар катышып, парламентте аны ачык колдоп келген.

Айбек Осмонов мандатын тапшырды

Боршайком 13-мартта Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Айбек Осмоновдун мандатын өзү жазган арыздын негизинде алганын расмий жарыялады.

Осмонов февралда "Азаттыкка" берген комментарийинде Матраимов менен мамилеси бар деген маалыматтарды төгүндөгөн:

“Райымбек Матраимов менен бир райондон болобуз. Бир жерден болгондон кийин бири-бириңди тааныйсың да. Ал эми Искендер Матраимов менен мурдатан эле тааныштыгым бар. Region каналы эмненин негизинде чыгарды билбейм. Муфтияттын ачылышына муфтийдин Жогорку Кеңештеги өкүлү жана Искендер Матраимовдун чакыруусу менен баргам. “Депутаттар ушул жерге отурат” деп көрсөтүп берген жерине отурганбыз. Ал жерге Райымбек Матраимов да келип, биздин жаныбызга отурган. Балким ушундан улам “мамилеси бар” дап айтып жатышса керек”, - деди ал.

Айбек Осмонов 2023-жылы 27-августтагы муфтияттын имаратынын ачылышына Райымбек Матраимовдун жанында отурган. Ал иш-чарага Айбек Осмоновдон башка депутаттар Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Таалайбек Масабиров, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев да катышкан.

Матраимов менен байланышы барлар мандатын тапшырып жатабы?

Осмоновдун мандатын тапшырганына эмне себеп болгону тууралуу расмий маалымат айтылган жок.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

УКМК 8-февралда Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Матраимовдун империясы куладыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:07 0:00

Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлду.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган. Учурда Райымбек Матраимов каякта экени белгисиз.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG