Матраимовдун империясы куладыбы?
УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. 2021-жылы Матраимов коррупцияга айыпталып, сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Экс-бажычы өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. Издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. “Азаттык” Матраимовдун бажыдагы схемалары тууралуу алгачкы иликтөөсүн 2015-жылы жарыялаган. Үч жылдан кийин Улан Эгизбаевдин иликтөөсү чыккан, ал эми 2019-2020-жылдары “Азаттыктын” Kloop жана OCCRP менен бирге Матраимовдордун бажы империясынын бетин ачкан журналисттик иликтөөлөрү коомчулукта чоң резонанс жараткан.
Чыгарылыштар
-
Август 14, 2026Чек аранда тажик келин оогандык согушкерлердин огунан каза тапты
-
Август 13, 2026"Талибан" бийлигине беш жыл: Ооган аялдарынын оор турмушу
-
Август 12, 2026Одесса, Запорожье: Түнкү чабуулда жарык өчүп, өрт чыкты
-
Август 12, 2026Сирия: Башар Асад сыртынан өлүм жазасына кесилди
-
Август 12, 2026Мадыген - байыркы дүйнөнүн архиви