Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Райымбек Матраимовдун 3 млрд сомдук мүлкү мамлекетке алынды


Райымбек Матраимовдун мамлекетке алынган айрым мүлктөрү. УКМК тараткан сүрөт.
Райымбек Матраимовдун мамлекетке алынган айрым мүлктөрү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирди.

Райымбек Матраимовдун мамлекетке алынган мүлкүнүн тизмеси:

  • Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан “Бай Таш мунарасы” турак жай комплексинин беш кабаты - жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, болжолдуу баасы 16 млн 297 миң долларды түзөт;
  • Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан “Эрем” спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 млн доллар;
  • Бишкек шаарынын Жукеев Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, кеңсе, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң долларды түзөт;
  • Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан “Ихлас” курулуш компаниясындагы коммерциялык имараттар, жалпы аянты 5085 чарчы метр,болжолдуу баасы 7 млн 627 миң долларды түзөт;
  • Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен “БИМИ Ош сервис” бажылык каттоо жери, болжолдуу баасы 4 млн долларды түзөт;
  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен “Юни Лаб” бажылык каттоо жери болжолдуу баасы 1 млн 286 миң доллар;
  • ⁠Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Имарат Стиль” компаниясына тиешелүү “ИМПЕРИАЛ” коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 100 миң АКШ доллар.

УКМК бул объектилер Райымбек Матраимовдун жана анын жакын санаалаштары мыйзамсыз жол менен алган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча ыкчам иш-чаралардын негизинде алынганын кабарлады. Атайын кызмат кылмыштуу топтордун, кландардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалады.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов жана анын жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Ал өзү каякта экени белгисиз.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан. Иликтөөдө Райымбек Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG