Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

УКМК: Асанакунованын армиядагы зомбулук тууралуу сөзү такталган жок


Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү текшерүү. УКМК тараткан сүрөт.
Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү текшерүү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге жасалган зордук-зомбулук тууралуу кенже сержант Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталбаганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кенже сержант буга чейин да ушундай эле арызды УКМКга кат жүзүндө берген. Анын негизинде атайын кызматтын тиешелүү органдары Аскер прокуратурасы менен биргеликте текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

Жылдыз Асанакунованын 6-февралда социалдык тармактарга жарыялаган кайрылуусунан кийин Жоокерлердин энелери комитетинин башчысы, Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча текшерүү жүргүзүлдү.

“Документтер изилденип, кызыкдар тараптар менен маектешүү жүргүзүлүп, тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо шарттары, эс алуу шарттары ошондой эле тамак-ашты сактоо аны даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилди. Жеринде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок”, - деп айтылат маалыматта.

Жылдыз Асанакунова №2028 аскер бөлүгүндө жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, азык-түлүктүн сапаты тууралуу интернетте 6-февралда айтып чыгып, өлкө жетекчилигине кайрылган. Ал соңку 10 жылдан бери аталган мекемеде фельдшер болуп иштеп келатканын, терс көрүнүштөр жөнүндө аскер бөлүктүн командирине, жогорку кызматтагыларга айтканын, бул үчүн ага да басым болуп жатканын билдирген.

Мамлекеттик чек ара кызматы кенже сержант Жылдыз Асанакунованын билдирүүсүн четке каккан.

Кыргыз армиясында чоңсунуу, үстөмдүк кылуу бар экенин айрым адистер айтып, буга балдары армияда каза болгон же жаракат алган, сабалган жоокерлердин ата-энелери да даттанып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG