Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:39

Тиш доктурда чарчап калган Алиянын өлүмү боюнча маселе ЖКда көтөрүлдү


Алия Кубанычбекова.
Алия Кубанычбекова.

Бишкекте Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө тишин дарылатуу учурунда чарчап калган үч жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмү боюнча маселе Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында көтөрүлдү.

Бул тууралуу депутат Камила Талиева сөз сүйлөп, кыздын туугандары менен жолукканын, алар бул окуядан кийин камакка алынган анестезиологдун үй камагына чыгарылышына нааразы болуп жатканын айтты.

“Бул жерде кандай болгон күндө да адам өлүп атат. Буга эч кандай кечирим болбош керек. Чоң энеси документтин баары бурмаланып жатканын айтты. “Кылмыштын изин жашыруу аракети болуп атат” дейт”.

Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси иш козголуп, анестезиолог камакка алынган.

Январь айынын аягында Бишкек шаардык соту анестезиологду үй камагына чыгарган. Ишти караган соттук коллегия анестезиологду үй камагына чыгаруу чечиминде эч кандай мыйзам бузуу болбогонун билдирип, шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, тергөөдөн качпаганын жана ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин эске алып ушундай чечим чыкканын кабарлаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG