Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:24

Бишкек ЖЭБи борбордун кубаттуулугунун азайганы жөнүндө түшүндүрмө берди


Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 14-от казанында болгон жарылуу. 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 14-от казанында болгон жарылуу. 2-февраль, 2024-жыл.

Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 8-февралга карата 9 отказан, 4 турбоагрегат иштеп жатат жана жалпы 300 МВт активдүү кубаттуулукту берип жатат. Бул тууралуу ЖЭБдин айланасындагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн “Медиа штаб” кабарлады.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 5-февралда түшкө чейин берген маалыматында ошол тапта ЖЭБ 308 МВт кубаттуулукта иштеп жатканын айткан.

Бишкек ЖЭБинин басма сөз катчысы Фатима Төрөканова кубаттуулуктун 308 МВттан 300 МВтка түшүп калган себебин жөн гана суроо-талап менен түшүндүрдү. Ал “борбор штаттык режимде иштеп жатканын жана керектүү кубаттуулукта электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин, болгону “Бишкекжылуулуктармактары” талап кылган гана көлөмдү берип жатканын” айтты.

2017-жылкы модернизациядан кийин Бишкек жылуулук электр борбору кубаттуулугу 812 МВтка жеткени маалымдалган. Бир жыл өтпөй, 2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, калаа бир апта бою жылуулуксуз калган.

2024-жылдын февралындагы аварияга чейин борбордо 400 МВт электр энергиясы өндүрүлүп келсе, авариядан соң кубаттуулук 200 МВтка түшүп калган. Калыбына келтирүү иштеринен соң кубаттуулук кайрадан жогорулап келатат.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда.

Энергетика министри Таалай Ибраев 5-февралдын кечине карата Бишкек шаары жылуулук менен 100% камсыздалып, ысык суунун ЖЭБден чыккан табы 100 градуска жетип жатканын билдирген.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Кырсыкты изилдөө үчүн мекемелер комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG